Ашкана сыры: Айымдарга алты кеңеш

0

Каганат.

1- Азыктар кампасы

Кышка даярдалган салат, варенье жана башка даамдуу азыктар күнүмдүк идиштер же тамак- аш турган шкафта турганга болбойт. Биринчиден ыңгайсыз, экинчиден бөлмөнүн температурасында алардын сапаты бузулуп кетет. Андыктан азыктарды сактай турган өзүнчө муздак, караңгы кампа сөзсүз керек. Ал эми мындай бөлмөсү жок айымдар кышка кам көрүүгө көңүлдөрү чаппайт. “Кайда сактамак элем”- деген суроо бардык каалоолорго чекит коёт.

2- Жаңы чөп- чарлар

Кандай гана тамак жасабаңыз жаңы чөп- чар кошуу менен даамын жана жытын жакшырта аласыз. Ошондой эле кээ бир тамак- аш менен салаттарга чөп- чар сөзсүз кошулуш керек болот. Жер үйдө жашасаңыз короого кеңири өстүрүп алсаңыз болот. ал эми көп кабаттуу үйдө кадимки эле гүл карапаларына өстүрүүгө болот. Маселен, укроп, жалбыз, тимьянды өстүрсө болот.

3- Сүйүктүү идиш- аяк

Тамак- аш жасоого даярданган учурда шкафтан эси идиштерди алуу учурунда маанайыңыз чөгүп, жасаган тамагыңыз талаптагыдай болбой калышы толук ыктымал. Андыктан мүмкүнчүлүккө карап, идиш- аяктарды ар дайым таза кармап, жаңыларын колдонууга аракет жасаңыз. Бул албетте, маанайды көтөрүп, даамдуу тамак жасоого түрткү берет.

4- Курчутулган бычактар

Бычактын ролу дагы абдан маанилүү. Кадимки жөнөкөй бычакка караганда ар бир азыкка колдонуучу өзүнчө бычактарды сатып алып жана курчутуп койсоңуз ишиңизди бир топ жеңилдетет. Айрыкча салат жасоодо азыктарды каалагандай формада жука кесип аласыз.

5- Рецепт менен кошо жасалуу ыкмасына көңүл буруңуз

Кээде кайсы бир салаттын укмуш даамдуу экенин айтабыз, рецебин сурайбыз, бирок жасалуу ыкмаларына көп көңүл бура бербейбиз. Чындыгында жасалуу ыкмасын өздөштүрүү өтө маанилүү. Рецепти болсо кагазга жазып алып ,керектүүсүн дүкөндөн сатып келебиз, ал эми жасоого келгенде кыйналып калышыбыз ыктымал.

6- Терең дем алыңыз

Тамактын даамы аны жасаган айымдын маанайына жараша болот деген сөздүн чындыгы бар. Андыктан тамак жасоодон тажадым, эмне жасайм деп маанайды бузбай, терең дем алып, тамак жасоо сиздин негизги милдетиңиз экенин эске алып жакшы маанай менен баштаңыз. Жакшы маанай менен жасалган тамак даамдуу болуп, үй бүлө мүчөлөрүн дагы кубантаарын унутпаңыз.

Бөлүшүү:

Пикир

алты − бир =