Батукаевдин адвокаты болгон Акун эми “Кумтөрдүн” жактоочусуна айландыбы?

1

Каганат.

Күн тийген жердин күкүгү болуп, бир туруп оң жээкке, бир туруп сол жээкке сүзүп, туруктуу бир позицияны карманбаган экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун мөңгү тууралуу айтканын угуп таң бердим.  Ар кимди шантаж кылып мына бомба жарам, ана бомба жарам деп, анысы аз келгенсип эл алдына чыга калып маалымат жыйынын берип, бирок айтылган сөзүнүн бир дагы пайызын аткарбаган Акун эми “Кумтөрчү” болуп кетиптир.

Мыйзамды демилгелеген өкмөттөгүлөр бир кичинекей кызмат ордун сунуштап койгонбу же балким “Кумтөрдүн” бир жагына “илинип” калармын деп үмүт артып жатканбы айтор Акун бугүн “Кумтөрдү” айга күнгө теңеп мактап баштаптыр.

“Бүгүнкү күнү өлкөнүн бюджетинин 20% кенден түшкөн киреше түзөт” деген Акун “Кумтөрдө” иштегендердин айлыгы жакшы экенин саймедирептир. Кыргыздын байлыгы болгон, улуу тоолордун башында турган ак мөңгүнү талкалайбыз деп жаткандарга жан тартып жатып Турсунбек Акун келечектеги урпактарды ойлоду бекен? Ошол ак кар, көк муз биздин ичээр суубуз экенин, ал алтындан да кымбат баа жеткис экенин билди бекен?

Азиз Батукаев түрмөдөн чыгарылганда Батукаевдин адвокаты болгон Акун эми “Кумтөрдүн” жактоочусуна айландыбы? Деги эле кыргыз элинин кызыкчылыгынан дагы канадалыктардын кызыкчылыгын бийик койгон Акун акчалуулардын артынан ээрчигенин качан коет?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

3 × 1 =