Бишкектеги мектептерде бир жылда ата-энелерден 150 миллион сом чогултулат

Каганат.

 

Бишкектеги мектептерде бир жылда ата-энелер тарабынан 150 миллион сом чогултулат.  Илим күнүнө арналган жыйында вице-мэр Айгүл Рыскулова билдирди.

 Рыскулова “Булан институту” уюштурган жыйында ата-энелер тарабынан топтолгон акча 1 миллиардка жакын болот деген маалыматты четке кагып, бул багытта атайын анализ жүргүзүлгөнүн кабарлады. Анын жыйынтыгында мектептердеги фонддор орто эсеп менен 150 миллион сом чогултушаары маалым болгон.

Бишкек шаардык казынадан билим берүү тармагына 3,5 миллиард сом бөлүнөт.

Эске салсак, бүгүн, 10-ноябрда мектептердеги негизсиз акча чогултуу маселеси боюнча билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин жыйыны болуп өттү. Ага ата-энелер, мектеп директорлору, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз адистер катышып, бирок Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү келишкен эмес.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × беш =