ИИМдин кызматкери пара менен кармалды

Каганат.

Ош шаардык Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, А.О. аттуу жаран милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арыз ээси Ош шаардык Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери 28-октябрда эч кандай себепсиз эле «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасынын ачкычын жана унаага тиешелүү документтерин тартып алгананын билдирген.

Унаасын кайтарып берүү үчүн 300 доллар пара сураган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү 10 миң сом пара алып жаткан жеринен лейтенант Э.А. кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × үч =