Мөңгүгө байланышкан мыйзам ЖКда 15-16-ноябрда каралат

0

Каганат.

“Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 15-16-ноябрь күндөрү Жогорку Кеңеште каралат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан коомдук угуу учурунда белгилүү болду. Анда “Кумтөр” кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдүн бүгүнкү абалы, аларды талкалоо зарылдыгы боюнча маалыматтар берилип жатат.

Айтмамат Назаровдун айтымында, бул мыйзам долбоорунун тарыхы 2012-жылга барып такалат.

“Ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин колу коюлган токтом долбоору келген. 2015-жылы ЖКнын 5-чакырылышынын депутаттарынын 52си макул, 39у каршы болуп 2-окууда жактырылган”,-деди ал.

Ошондой эле депутат мыйзам долбоору 3 окууда караларын кошумчалады.

“Биринчи окууда концепция жактырылат, экинчи окууда өзгөртүү киргизилет, 3-окууда грамматикалык өзгөрүүлөр кирет. Мен башкарган (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети-ред.) 30-октябрьь күнү 3-окууда карап жактырды”,-деди ал.  

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 4 =