Россиялык белгилүү куудул Михаил Задорнов каза болду

 Каганат.

Россиялык сатирик Михаил Задорнов көз жумду. Бул тууралуу орус басылмалары жазды. 

Маалыматка караганда, ал онкологиялык ооруга чалдыгып, мээнин шишигин дарылоочу курстан өткөн. Ал июль айында жакындарынын жанына баруу үчүн дарылануудан баш тарткан. Жазуучу 69 жашта болгон.

 Михаил Задорнов 1948-жылы Латвияда туулган. Ал көпчүлүккө “Аншлаг”, “Смехопанорама”, “Сатирический прогноз” аталышындагы күлкүлүү берүүлөр аркылуу таанылган.  Россиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Жазуучу лирика жана сатира жанрында 10дон ашык китеп жазган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + он беш =