Шыкмаматовдун соту түштөн кийин уланат

0

Каганат.

Бүгүн, 10-ноябрда Биринчи май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болду. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Али Юкселдин котормочусу соттук отурумга келе албай калып, отурум түштөн кийин уланмай болду.

Эске салсак, депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Дал ушул “Барат Люкс” фирмасынын атынан Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн келинчеги Жанара Турдакуновага тиешелүү Мерседес Бенц Элеганс автоунаасын 14 миң долларга баалап мамлекетке саткан деген кине коюлууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 4 =