Айыл-чарба министрлигинде 5 млн сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды

0

Каганат.

Айыл-чарба министрлигинде 84 кызматкерге 5 млн 496 миң сом мыйзамсыз төлөнгөн. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы “мамлекеттик кызмат тууралуу” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу” мыйзамдын жоболорун бузуу менен бош жумуш орундарында убактылуу милдетин аткаруучу кызматкерлер иштешкен. Жана аларга  5 млн 496 миң сом маяна төлөнгөн.

Мыйзамга ылайык, бул бош жумуш орундарына дароо сынак жүрүп, кызматкер алынышы керек болчу экендиги жазылган маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + 18 =