Бишкекте изделип жаткан 2 окуучу кыз табылды

Каганат.

Бишкекте 2 күн мурун үйлөрүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан 2 окуучу кыз Оштон табылды. Бул тууралуу кыздардын жакындары билдиришти. Маалыматты Ош ШИИБи дагы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыздар милиция бөлүмүндө. Бул маалыматты уккан аталары Ош шаарына сапар алышкан.

Эске сала кетсек, 9-ноябрда Тургуналиева Сезим Мыктыбековна жана Мухамед кызы Азиза Бишкектеги үйлөрүнөн №28-мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − 5 =