Картошка бышыруунун сырын үйрөнөбүз

0

Каганат.

  • Картошкадан пюре жасоодо ысык сүт колдоносуз. Муздак сүт пюренин өңүн бозортуп жиберет.

 

  • Картошканы кууруп жатканда казанга же бири- бирине жабышып калбашы үчүн, туураган соң, муздак сууга чайкап, кургатып алып куурусаңыз болот.

 

  • Куурулган картошканын кытырак жана өңү кызарып турушун кааласаңыз, анда сковородкадагы майды абдан ысытып, андан кийин картошканы салып кууруйсуз, ал эми тузду бышкан соң кошосуз.

 

  • Мискейде сууга бышып жаткан картошкага бир нече укроптун талын же бир тишче сарымсак кошуп койсоңуз даамдуу болот.

 

  • Ал эми кабыгы менен сууга бышырган учурда бир нече тамчы уксус кошуп койсоңуз, картошканын кабыгы жарылып кетпейт.

 

  • Картошка бышып жаткан сууга бир чай кашык өсүмдүк майын кошуп, отту абдан жайлатып койсоңуз, абдан жакшы бышат.

 

  • Суюк тамакка тузду ашыкча салып алсаңыз, анда 2-3 даана картошканы аарчып салыңыз да 10 мүнөт кайнатып, кайра чыгарып коюңуз.
Бөлүшүү:

Пикир

бир × 2 =