Казакстан Кыргызстандын сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган ишканаларына чектөө киргизди

Каганат.

Казакстан Кыргызстандын сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган ишканаларынын продукцияларын  өлкөгө киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин жума күнү журналисттерге билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жандарбек Бекшин Казакстандын мындай кадамга баруусуна  Кыргызстандан талапка туура келбеген продукциялар келип жатканы себеп болгонунун айткан.

Казакстандын айрым маалымат булактары баш-аягы үч компанияга: «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский» ишканаларынын продукцияларына чектөө киргизилгенин кабарласа, “Тенгриньюс” баштаган басылмалар чектөөгө кабылган компаниялардын саны төртөө экенин, алардын арасында “Эмилия” жоопкерчилиги чектелген ишканасы бар экенин жазып чыктты.

Кыргыз өкмөтү жана аты аталган компаниялар Казакстандын бул чечими боюнча маалымат бере элек.

Казакстан 10-октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүлөрдү күчөткөндөн көп өтпөй кыргызстандык сүт азыктарын чыгарган беш компаниянын продукцияларына чектөө киргизген.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы жыйынында каралып, анда кыргыз өкмөтү Казакстан “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатат деп билдирди.

Эске салсак, буга чейин  Кыргызстан бажы тармагындагы кырдаалды жакшыртпаса, Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөру тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин бидирген эле.

Айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн товар баасы эки тарапта бирдей болуусу керек, ошондой эле салыктар дагы бирдей болуусу шарт.

Госман Амрин чек арада жаралган көйгөй кыргыз товар ташуучулардын көп мыйзам бузууларына байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.

“Азыр маалымат менен бөлүшүүнү суранып жатабыз. Алар Кыгызстанга жана Казакстанга кайсы товарлар кандай баада келип жатканын бизге айтышы керек. Анткени, кызматташуу ачык-айкындуулукту жаратат”,-деген ал.

Аны менен катар эле Госман  эгер кыргыз тарап маалымат берүүдөн баш тартса, Казакстанда көзөмөлдү күчөтүүдөн башка арга жок экенин билдирген.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + он үч =