Сокулукта курулуш плитасы үйдү басып калып, 1 адам каза болду

Каганат.

Сокулук районунун Новопавловка айылында бетон курулуш плитасы үйдүн үстүнө кулап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үйдүн ичинде ичинде 5 болгон.  

“Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндөгү 28-үйгө авто кран плита коюп жатып тросс үзүлүп кеткен. Натыйжада коңшу жайгашкан №30 үйдүн үстүнө плита кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял каза болгон”,-деп жазылат билдирүүдө.

Жабыркагандар Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

алты + 8 =