Сынган кылыч: Алымбек датка менен молла Алымкулдун тиреши

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей “Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

* * *

Бек сарайын оболу Алике-палбан абдан тескеп чыккан соң кудайдын улук күнү делген дүйшөмбү күнү Алымбек датка бекчилик вазийфасына киришкен күнү азирет өзү жазган, өзү мөөрүн баскан кат алып, чабарман келип калды. Эмне кылмак ылазым? Бектин көңүлү уйгу-туйгу боло түштү. «Кадырлуу датка агасын» «хан үкеси» ордонун улук дуванына чакырыптыр го?! Эки анжы болду ою. Барбай койсо «мына, ичи жаман, коркту ошон үчүн» делинет. Өкүмдардын буйругунан канткенде буйтап кала алат? «Ишке, сыркоого шылтап да болсо, ордого барбай турганыңыз оң…» деген Курманжан айым. Бул сөз датканын көңүлүнө тык деп, анын мунайым үнү жанында отургандай кулагына угулуп, жылуу иреңи көз алдына тартыла калды. «Эч шаша көрбөң, датка. Бир шыбыш чыкпай койбойт акыры, ордо ээсинин накта оюн билип алып, ошого жараша иш кылың, датка» деп, сынарлаган болучу. Кана, шыбыш? Кечинде бир жүдөө адам көшөрүп суранып отуруп, датканын алдына кирди. Үжүрө ичин акмалап тиктеп алып, акырын:

— Бек, — деп аяр күбүрөй сүйлөдү, — уккан кулакта жазык жок, ордо сизди саткын эсебине чыгарып, өлүмгө өкүм кылып койду, бек. Эки көзүнүн агы көбөйө элтейе тиктеп, буга бара албайт деп ойлогон, ошол тапта өтө чочуганы көрүнүп, ошону менен бирге кыжыры, жүрөгүнөн катуу кашкөй каршылык ойгонуп, Алымбек иреңи кумсарып кетти.

— Такпы бу кабар? — Сиз менен так ээсинин ортосуна жалган жеринен от жаккыдай жаным экөө эмес. Бул өкүмду бир өкүмдар өзү, бир азирети шайх-ул-Ислам билет… «А сен кайдан билип жүрөсүң?..» деп, ишене албай көңүлү толгоно калды Алымбек.

— Аны сурабаң, бек. Өзү сизди «кокус өлүм» кылып алып, анан өзү «агам ай» деп өкүрүп көммөкчү… Кабагын үйрүй баш ийкеди Алымбек датка:

— Милдетдармын… Тиги датка бермекчи болгон алтын теңгени унчукпай баш чайкап албай койду да, жанагы шырпсыз келгениндей шырпсыз кайра чыгып кетти. Тула бою дүркүрөп отуруп кала берди Алымбек.

Кимге ишенишке болот эми?! Мүмкүн хан алда качан бир жанкечтисин жиберип, ал же ушул сарайда, же мечитте, же бир мерчемдүү бурчта акмалап жүрбөсүн?.. «Так ээсинин кастыгы ачык билинген соң сарайдагы бурадарларыңызга ишене бейгам жата көрбөң, датка. Киши кишиге жакшы күнүндө жакын, а башыңа иш түшкөн чагында киши кишиге калыс, алыс — кошо өрттөнбөйт, кошо өлбөйт. Буйдалбаң, сизди Анжияндын бийик сепили эмес, улуу тоонун койну калкалайт…» Дагы Курманжандын муңайым үнү кулагына угулду. «Зирегим ай…» деди Алымбектин ошол тапта ноюй түшкөн дили.

Көп турбай Алымбек датка өзүнө караштуу кошунун алып, Анжияндан Ош багытына жол алып чыгып кетти. Канчалык кууланып, канчалык бөөштүнүп, канчалык «аке» «үке» дешсе да, акыры бу анын өкүмдарлык жеке бийлигине көлдөлөң туруп жаткан кубаттуу датка менен ачык бетме-бет чыгышарын чыгышмак Мала- хан.

Тымызын бирөөнү жиберип өлтүртүп коймокчу болгон ниетинен нары экчеп, бери экчеп отуруп баш тарткан болучу. Буга бир туруп өкүнөт, бир туруп абдан эле туура болгондой сезилет. Өтө эле журтка ашкере тектүү датканы мындайча оңой көзүн жоюп жибериш чатакты кайра ырбатып, анын хан башын «эр өлтүргөн» делинтип, абалды аны сайын татаалдантып жибериши ыктымал эле. Көзү тирүү турганында эле «саткын», «өкүмдарлыкка жутунган кара ниет» деп айыптап, эл көзүнө оозго батышынча каралап, колдон келсе элден чыгарып салыш абзел өңдөнгөн. А тымызын тындым кылынса датканын өлүгү «шейит өлүм» аталып, бөөдө өлүм кылган «кара өзгөйгө» каршы туу болуп кетмек. Күдай жалгап, ишти ушундай жагына айлантып албаганына Мала-хан миң мертебе шүгүрлүк кылды. Мына, чыгар душман өзү чыкпадыбы ачыкка?! Ар бир мечитте, ар күнү «каапырга сатылып кеткен шайтанга» дуулдап наалат айтылууга өтүлдү. Ушуну менен тең катар Мала-хан ыкрарлыктан чыгып кеткен кыргыз кыпчакка капилеттен чагылган болуп тиймекке шашылыш камылга кыла баштады.

Тизгин тарткан эр бүлөсүн кыйратып, айылдарын өрттөп, Алымбегинин көзүн ойдуруп, желдетке жөө жетелетип келмекчи. Те баягы Мусулманкулдун өлүмүнөн да күзара кыйноо тарттырылган салтанат өлүм кылмакчы. А датканы керилген айдың Соң-Көл боюна он эки канат ак өргөө көтөрүшүп, ыйык салт ишараты кылышып босогосуна ай тамгалуу кырмызы туу сайып, куттагы тууган эли атайын шаң салтанат кылышып дагы тосуп алышты.

Жакынкы Үмөтаалы бий, Осмон бий, Көл бетинен дагы Муратаалы бий, Сары өзөн Чүй боорунан баатыр Байтик, мырза Шабдан чогулуп, акыбал аракөзү чара кылынып ортого кайра ташталып, ордо бийлигин биротоло колго алмак болушкан баягы баталашкан акыл максатын кайра бекемдешип, кайра күчөй, өчүгө каршыккан демге өтүштү.

Алымбек датка астыртан жай адамдар аркылуу Үч-Алматы жактагы орус акимдерине жылуу жүз байкатып, бирок өзү дасыккан ордо адамы тапатандан сыр алдырбай, баштаган эле жеринен бир катуу укурукка баш салып албас айласын кылып, «тумшугун батырып, канатын качырып» демекчи, этият, аяр абалда тутунду. А жергилик тоолук бийлер баш-отун аянбай Алымбек датка тууганына быяктан аскер кубатын курашып, Кокон ордосу менен бир убактагы кеткен кекти, өткөн өчтү бир эсеп- кысапташып алуу жагын катуу самай абдан дуулдаша аракет жүргүзө башташты. Болуп жаткан окуяларга көз салып, өзгөчө ынтаа коюп, байкап, Күн батыш Сибирь генерал-губернатору болуп жаңы келген Дюгамель төрө 1861-жылдын 8- июну күнү империянын аскер министрине: «Биз менен оболу ынтымакка келип алып, Алымбек Ысык-Көл менен Кичи-Бухара жайыгы аралыгындагы Нарын дарыясынын башында тоо арасында жашаган кара кыргыздардын ичинде калып, бул элдин өзүнчө бир өкүмдары болуп алгысы келип жаткан окшойт. Муну менен жакындашуу биз үчүн бул жагынан пайдалуу — биздин кербендер бул жерлерден Кашкарга бейпил өтүп калат, ошон үчүн эгер чын эле Алымбек бизге ыктай турган болсо, анда биз тараптан да жакшы мамиле көрсөтүлүп, ымала кылына берилсин деп, полковник Колпаковскийге жолдомо жаздым…» — деп, атайын кабарлоо жасады.

* * *

 Жаркын-Айым мечитинде Мала-хан өзү алдыга туруп ымамдык кылып, кыбла карай астейдил кудайга кулдук келтирип, ордосуна ынтымак ырайым тилеп, мунажат кылды. Өңкөй иргелген билермандары — Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар амин, Маргалан беги молла Алымкул кошо. Бул кишилер ордонун төрт бурчунан көтөрүп турган алтын түркүгү эмеспи, ар кимиси өлкөнүн ар шаарында бек, калк ичиндеги уруу башчылары, булардын азыр баш кошуп турушканы — тарки чыккан ордону эптеп бириктирип турганы болот. Буларсыз азирет хан кирер башбаанеги, жатар оруну жок бир селсаяк. Кубаттуу, дымактуу Алымбек даткага ушулар аркылуу гана туруштук кыла алат кыла алса, жеңсе ушулардын биргелешиши аркылуу гана жеңет. Намаз, андан соң ордо шааниси кылып, бирткелеп чайлашкан соң ар кими өз шаарына, өз вилаятына тарашы зарыл эле. Бирак иргелген билерман бири да кетишке үзүр сурашпай, кайра ардеме кепке үйүр тарта субхат ырбатышып, хан жанына үйрүлүшө беришти. Ушуну сезерин сезип, Мала-хандын жүрөгү болк дей түштү.

Кимисинин ичине кирип чыккан, аттиң ай?! Кудурет үч нерсени бөлөк жараткан — адам жүзү ар башка, адам ой- санаасы ар башка, ар адамдын көрөр тагдыры ар башка! Ал эми ой-санаанын кече күнү бир, эртең бир, андан нары дагы башкаланып, өзгөрүлүп кубулуп, ченсиз, чексиз жаңыланып турганы кыйын. Минтип өлкө тыштан да тынбай, ичтен да бөлүштү болуп, бир кепке, бир мүдөөгө келе албай калганы калпыс мезгил.

— Кана, не кылгайбыз, — деп, өзү кеп баштады Мала-хан, — айтыңарчы, бу бейнысап даткага карата не аракет, не мамиле кылгайбыз?

— Ынтымак! — дешти бектер бир ооздон.

— Ынтымак?! — деп, кайра сурап, ой басып, ичтен салмактай кыңырылды Мала- хан.

 — Ыйык сөз, ак сөз. Бирак, ачык айтышалы, ким бузуп жатат аны, өлкөнү четинен кесип, ким базарга салып, сатып жатат? Бектер унчукпай калышты. Макул эмес экенин түшүндү Мала-хан:

 — Же, мен өзүм бузуп жатамбы өз ордомдун ыркын? Ыя?! — деп, тарс жарылып кетти.

— Кудай сактасын, азиретим! — деп жиберди молла Алымкул. Мала-хан күчөй көбүрө-жабыра кейип, күйгөн, таарынган кебете кийип, башын ийкей, отуруп күңкүлдөп, Алымбек даткага Кара-Кастек кыргынынан тарта койгон айыбын кайра башынан түшө айтып:

— Макул, эмне деш абзел эди ушундан соң?! Карап отура бермекпизби кол куушуруп, ал бейнысап Коконго чейин базарга коюп, сатып бүткөнчө, ыя?! — деди аягында.

— Кудай сактасын, азиретим! — деди Шатман кожо. Молла Алымкул:

— Таксыр… Эч ким датка тараптан эчтеме өткөн жок деп айтпайт, бирак, бир жактан Оро-Төбө вилаятын талашып амир Музафар, бир жактан Ак-Мечит аймагын тартып алып орус чыгып, мына ушулардын үстүнө Алымбек даткабызды кетирип алсак, таксыр, бул иш өлкөбүздү жакшылык күнгө алып келбесин ким гана болбосун калыс адам көрүп турат… Мала-хан үстүңкү бир ууртун тарта кыжырлана үңүрөйүп тиктеп калды.

— Ынтымак! — деди молла Алымкул атайы кайталап.

— Мындан башка акылга сыяр жол жок өлкөнүн эртеңки аманчылык күнү үчүн, таксыр! — Жарашыш ылазим, — деди Кыдырбек датка. Мала-хан нестейе түштү. Ошко, андан нары Алайга жоболоңдуу жортуул кылууну ортого коймокчу болуп турган. Башын чайкап жиберди:

— Жо-ок! — деди туталана.

— А көрөкчө, агаларым, бел кылар бектерим, ыракмат эле дейм силерге, мен баягы үйрөнгөн Бухара-и-Шариф ордосуна кайра кетип, кайра карыптын күнүн көргөнүм артык! Жок дегенде, мусулман ыманым бүтүн калат…

Бу кантишер экен дегени, сынаганы. Калт этишкен жок бектер, күн мурунтан ар кандай сөзгө, ар кандай боло турган чарс кыял жорукка камдуу болуп келишкен экен.

— Кудай андайдын бетин нары кылсын! — деген болуп калды молла Алымкул хан көңүлүн улай.

— О, таксырым, андай жаман кепти оозангыча ынтымак ыйык иш жолун ойлонмок абзел эмеспи?! Өлкө биримдиги, эртеңки бүтүндүгү кимибиз ким гана болбойлу баарыбызга бирдей, ал үчүн бар акылыбызды, күчүбүздү, кара башыбызды сайып коюп иш кылышыбыз ылайык, таксырым…

Мала-хан майтарылгыс бөгөткө такалганын сезди. Жарашмак! Ушул бир убакта кылып койгон жакшылык ишин дамамат бетине бечкеч кылып, аны менен өкүмдарлык бийлигин бөлүшүп алып, тең ата, а көп убакта ага да ынсап кылбай боюн көтөргөн дымактуу Алымбектей кишилерден кутулуш үчүн не гана аракетти кылбаган?!

Эми келип, ордону өз жаныма ийридим, өкүмдарлык бийликти өз колума алдым деген күнүндө, Алымбекке жапса жамы журт кулак кагар орчун күнөө кудай берип өзү табылган чагында кайра ушунун баарынан жалтаңдап баш тартып, кечип, дагы баягы күнкөр көйүнө түшмөкпү? Дагы кимиси чүлүнтүктөп жетелейт аны, булардын?! Жексен кылса баарын, аттиң ай! Күч кана?! Мала-хан шалдырай түштү. Көп өтпөй Мала-хандын кырк элчиси Тогуз-Тороо аркылуу Кара-Көө ашып, Куртка чебине келишти. «Ордодон элчилер келди» деген кабар жеткенде: «Орго салып коё тургула!» деп, буйрук берип койду. Кече кырчылдашып, а бүгүн ордо жактан биртке эле жылуу шыбыш болору замат леп этип жыгылып берсе, бул жактагы анын тарабын талашып, ордо менен ар кандай кагылышка кайыл болуп, ага ишенип, аны баш тутунуп турган журт не дейт?! Элчи менен сүйлөшпөй, кайткыс ниетин бул элге да, ордого да ажырым көрсөтмөк максатын көздөдү Алымбек датка.

— Эми эсине келген бекен кызыталак Мала?! — деди күчөнө. Элчилер Куртка зынданында бир жума жатышкан соң, ичинен бир адам тынбай: «Менин мойнумда даткага айтар бир аманат кеп бар», — деп кыйкырып, жалбарып туруп алды. Бул Алымбек даткага айтылды. Алымбек датка зындандан чыгартып алып сүйлөшсө ал адам молла Алымкулдан тымызын келген адам экен.

«Эстүү жансыз, датка, ойлонуп багың. Битке өчөшүп, жалгыз тонун ким отко салмакчы?! Бул өлкө баарыбыздын жонубуздагы жалгыз тонубуз, а өкүмдар деген ошол тонубуздун жакасына чыккан бир бит, битке өчөшпөй, битке өчөшө жалгыз тондун жакасын айрып итке ыргытам дебей, датка ыркка келиң. Сизди ыркка өлкөңүздүн эртеңки тагдыры чакырып отурат…» деп, молла Алымкул оозмо-оозго алдыртан кеп айттырган. Бул жарашуу деген алакет хандан эмес экенин, өзүнчө бир ой-максат, күч топтолуп жатканын дароо баамдады Алымбек датка.

«Абалкы да, акыркы да койгон шартым, талабым — мейли, ошол туз урган Маланы ордодон кетиришсин. Мына ушуну, жараным, төкпөй-чачпай оозмо-ооз айтып баргайсыз кадырлуу молла Алымкулдун өзүнө!» — деп, аткарылууга өтө кыйын талап коюп, «болсо мына, болбосо ана» дегендей жарашуудан бой качырды. Молла Алымкулдун адамын киши кошуп узаттырып, ошол эле күнү калган зындандагы элчилерди бүт кырдыртып, Нарын дайрага таштаттырып жиберди.

— Ыя?! Бу туз урган миң тукуму далай элчибиздин канын ичкен. Келме кезек деген ушул! — деп, актанып койду. Элчилери кырылганын угуп, тыякта Мала-хан кайгырмак ордуна аябай сүйүндү. Чакчырылып, тез диван жыйынын жыйып:

— Мына! Айтсам ишенишпейт, ал бейнысап Жангарач менен Жантайга кошулуп, ыйманын оруска сатып койгон десем болушпайт! Мына, көрүп алсын калыстар, мына!.. — деп, буркан-шаркан түштү. Ушуну менен, жарашуу акылын тапкан бектерге ачыктан- ачык күнөө койду. Мына, не кылмак ылазим? Кайрадан бул суроо бектердин алдына коюлду. Ички чатакты тындырып, тыштан болуп жаткан кысымга туруштук кылып өлкөнү өлкө бойдон сактап калыш үчүн не иштемек зарыл? Хан менен датка бир ымга келиштен өттү эми. Не азирет хандын айтканын кылып, бардык аскер кубатын бир жумшап, датканы тыйпыл чабыш керек — бул каалоо гана, чабылып бермекпи, ушул бойдон датка оруска таянып, өлкөнү, элди бөлүп кете бериши айкын көрүнүп турат. Не датканын талабына көнүп, азирет хандан кечип тынмак абзел — бирөөнүн кайгы зарын, канын моюнга көтөрүш оңойбу, бул да кудай алдында, пенде алдында кысап берер мүшкүл.

Кайсы жагы болсо да, убакыт күтөр эмес, тез болушун мезгил, акыл талап кылды. Жыл ооп, 1862-жылдын 24-февралынын түнүндө Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар түрк чала уйкуда толгонуп жаткан ханын ойгонгуча басышып, өз ордосунда, өз төшөгүндө думуктуруп өлтүрүп коюшат. Койгон шарты аткарылган соң датканын аброю аркалык туугандарынын көзүнө абдан көтөрүлдү. Бийлер, айыл аксакалдары биринен сала бири келип, астейдил куттук айтышып:

«Бир айткан сөзү айчылык жерде эки болунбай, талабы ордонун өзүндө аткарылып отурса, хан болот деген ушу!» дешип барбалакташып калышты. Сөз арасында «хан ага», «азирет» деген да аралышып калып, буга көңүлү жымырап жылып, кулагы кубанып, көнө да берди окшойт, «кой, андай дебегиле» дебеди Алымбек. Эл дүрбөп, бири сууга чуркап, бири отун камына өтүп, бири күпүлдөтө жер оюп кемеге даярлап, эң акыры, мунун баары анын оңдой берди жолуна эмеспи, көпчүлүк бата тилээр өңдөнүп, өргөө эшигине тирелип калышты. Мурда эле дымагы аз болбогон Алымбек аны сайын сөөлөтү артыкча, кайруусу кере карыш кундуз бөркү бийик, көк илбирс ичиги желбегей, көзү тик. Кече сары санаага ичтен эзилип, үмүтүн, тагдырын кудай кай тарапка айдарына күмөн болуп, өзүнөн өзү мүңкүрөп жаткан кишини бүгүн таануу кыйын. Ал эшикке акырын басып чыкты, эрин ачпай, турган элди бир чаргып, мелтейип эки көзү акбоз бээге токтоду, те нарыда жукара баштаган кардын үстүнө жайылып ташталган ак кийиз да көз жаздымда калган жок. Эл кызыгып, зарыгып тургансыйт. Ошо кысталаң убакта керээт айымы келди көз алдына:

«…Абайлаң, даткам… — деп, акырын күбүрөгөн үнү угулуп тургансыды, — быяктагы билмандарың эмне дейт… абайлаң, даткам… мындай иште шашылуу — чала басуу, чалынуу…» «Зирегим ай…» деди өз дили.

Тиги бээ кармап турганга карай ошол эле эрин ачпаган бойдон акырын башын чайкап койду. Түйшөлө түштү турган эл. «Йе… бол дегенде болуп албайбы?!», «Ыя… башына конуп турган бактысын өзү силкип ыргытканы эмеспи бу?!», «Сен экөбүз эле ак кийизге салып көтөрүп койсок кан болуп калабы?!», «О-о, кокуй… уюктуу журт бар тыякта!» деген күбүр- шыбыр уюлгуп-уюлгуп, тез басылып, ара дым боло калды. Ошол эле күнү жигит-желеңи дүрбөп, эли-жерин сагынган, эч токтоно алышпай, али мөңгүсү бузула элек Бычан ашуусун беттеп, жолго чыкты Алымбек датка.

Керээт айымы Алайдын бир көмүскө жеринде экен. Көңүл арзуусунан да акыл термөө, абал чактоо зарылдыгы экөбүн тең эңсеткен.

— Келиң, даткам, келиң… — деп, көк кептердей дилдиреп, акырын күбүрөп, Курманжан дайымкысындай жүйүртө тизе бүгө датканын колун өзүнүн жылуу алаканына алып тооп кылып, бу сапар коштоп келгенден да, тоскондон да ыйбаа кыла албай, эреркеп учурашты. Келери келип, кетери кетип, эл аягы тынган убакта эрли- катын эми өзүлөрүнчө жүз карашып, биринин демин, жытын бири сезишип, ичкериге от жагарды да башбактырбай бирткелеп элкин куру чай ууртташкан болуп, тиги араң үлпүлдөп жанган оттун күңгүртүндө акырын күңкүлдөшүп, күнүмдүк тирилигинен баштап, мезгилдин өтө чалкеш, өтө калпыс абалын нечен бир ирет өкчөй салмактап, өзүлөрү собол коюп, өзүлөрү жүйөлүү жооп издеп көрүп ой термешти.

— Ушул эми, — деди Алымбек өз оюнун ток этерине келип, — ордону биротоло колго албасак болбойт. «Өзүм хан болом» деген маанини туйду Курманжан:

— Терекке чыгыш кыйын, түшүшү андан кыйын, опурталдуу. Жер тиктеп, ой баскансып калган керээтинин күнгүрттө кабагын көрө албай, бирок анын көңүлүнө келе калган уйгу-туйгу санаасын баамдап, «…теректен түшүштүн көйкөйүн ойлонуп калган турбайбы… атаны зирегим ай…» деп алды Алымбек ичинен. Курманжан:

— Буга ордодо да бир ооз боло алышпайт ко… Бул максатынын арты жакшы болоруна да, жаман болоруна да кайыл болуп алган Алымбек:

— Ким көлдөлөң келмекчи?! — деди шар.

— Ким? Бүрүшкөн Шатман кожобу? Ал кожонун биздин үй-тиричилигибизге кийлигишишке не акысы болмокчу?! Ошол алдына тартылган биртке табакка топук кылып, жөн жүрсүн! Кудайназар аминби? Миң- Төбөдөгү төрт кыштак түрк тууганын баштап чыгып, кайсы кырды ашмакчы?! Койчу даткабы? Ал өзүмдүн карабагыш тууганым, ымга келишет! Молла Алымкулбу? Курманжан айым башын ийкеди:

— Бул жакта сиз барыңызда эле барктуу болуп калган эмес беле, азыр сиздин жогуңузда көп элге туу башы, ордодо экинин бири, анын алдыртан өкүмү болмоюнча колго аларлык бир түзүк иш бүтпөй калган, Маланын көзү барында эле. Сизди кара аламан эл «качкын» дейт, ордо ичинде «саткын» дейт, а молла Алымкул «кайрымсыз ханды жыккан киши» болуп турган чагы. Нары да, датка, дагы бир ишти эске алмак зарыл — молла Алымкул Малага кутум ишти өзү баштарын баштап, а жүзөгө ашырар күнү Маргаланга үйүнө бекинип, качан кабар укканда кадимкидей өкүрүп келиптир, ушунусу менен кара аламан эл көзүнө кутумдукту билбеген калыс киши болуп көрүнүп, ханга жаат ордо кишилерин, хан өзү кураган казына аскерин өзү тарапка ыктатып алып койгон. Алымбек датка мекчейип ойлонуп отуруп калды.

Мындан келди, ушул экен го ордо талашчу адам?! Он уул ичкилик, хантагасы Кедейбай датка кошулуп демекчи, бүт сол бириккени калганбы?! — Карап байкап көргөйсүз, датка, — деди Курманжан айым, — молла менен берки Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайназар түрк кандай алакада болушту экен. Ким билет, кыямы келсе молла Алымкул аларды «азирет ханга кол көтөргөн, канына забын кылган» деп, акыйкаты да ошондой, өзү түздөн-түз катнашкан эмес, «сен айткансың» деше албайт, далил таба алышпайт, беркилерди жазага тартып жибериш кообу да бар. Сиз, датка, ушул жагдайды эстен чыгарбаңыз, мына ошол кишилердин тамырын тартып, көңүлүн алып, колдон келишинче жанагыдай болуп кетер кокустуктан корчолоп, арачалап алыңыз. Сиз жакка оошсо, чоң жаат болуп беришет, жаман айтпай жакшы жок, алар жоюлуп кетти дегиче сиз жалгыз каласыз…

Алымбек датка ой басып, башын ийкей жер тиктеп отуруп калды. Иш кыйын экен, бирок кантип баш тартмак көптөн ойлогон оюнан, бийлик кызыгынан?! Кокон сепилинин кырынан удаама-удаа күрсүлдөтө кош замбирек аттырып, өзү Риштан дарбазасына чыгып, молла Алымкул Алымбек датканы салтанат менен тосуп алды. Жамырап аваз кылган көп элдин көзүнчө экөбү эки жактан аттан түшүшүп, жөө басышып келип, төшүн төшкө тийгизе бөтөнчө ымала көрсөтүшүп учурашышты. Молла Алымкул көзүнө жаш алып, аманчылык сурап, датканын «кайра уясын тапканын» куттук айтты. Тез эле, ордо жакшылары менен жүздөшүү бапыр- тапыры бүткөн соң, эки бек жанына башка көз, башка кулак кошушпай өзүлөрү ээн-элкин отурушуп, бийлик ээси ким болот, кандай болот, аста ой алмашышты. Өлкөгө бир кожоюн керектигин моюнга аларын алып, бирок кайра да Миң тукумунан хан көтөрүү оюна Алымбек датка каршы ниет билдирди.

— Не кереги, не касиети бар булардын?! Булардан көрө не отуруктан, не тоолуктан, не чөлдүктөн — үч тайпа журтубуздан көтөрүп алсак ким кой демекчи? — деп көшөрдү.

— Э-э, Нүзүп аталык болуп, не көйдү көрдү?! Мусулманкул миңбашы болуп, не тапты?! Өз тууганын өзү жыгып берип, ыя, Өтөмбай менен Нармамбет не болду?! Мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң төбө кандайт! Зап сөз эмес бекен?! Ушул Маланы көтөрмөлөйбүз деп, акырында сиз экөөбүз не мүшкүлдү көрбөдүк, бек?! Кылган жакшылыгыбыз балээ болуп жабышты го өзүбүзгө?!

Молла Алымкул көзүн үлдүрөтүп, жүйөгө макул болгонсуп, каршы айтар жообу жок сыяктуу башын ийкегилеп тим отурду. Бирок, мына арты өзүнө жамандык ишке айланып кетишке ыктымал болгон өтө кооптуу окуяга карабашын сайып кирип, шарият да, салт да колдоп турган так эгесинин өзүн тындым кылып отуруп, акыры аяганда «баркы бар» деп, ушул көйрөң Алымбекке ийлеп-ийлеп итке салгандай кармата берип, өзү баягы эски бек тону менен шалпайып кала берер киши бекен?! Буга көнөр ою жок зарделүү молла Алымкулдун, бирок азыр көздөгөн купуя ниетин ашыкча коогасыз жылма гана бүтсө бүтөрүп кетиш үчүн сылык, сыпаа жүздөшүп отурганы.

 Шарт талап кылса, башка бейпил жол түгөнсө, ал ар кандай кыябында ким менен болбосун тике маңдайлашат, колуна түшүп турган бийлик тизгинин оңой бере койбойт, кан төгүшө кармашат. «Майли, жети өлчөйлү, жети өлчөйлү, датка…» деп, кымырылып, ар түркүн маани туйгузган сөз менен токтолду. Кокон шаарына бек делинип, Алымбек жалпысынан ордого баш-көз боло турмак вазийфасына өттү.

Молла Алымкул мурда эле ордо аскерин өз кол алдына ийгерип алган соң аскербашы катары ошол бойдон козголбой калды. Бул бир жагынан сыртынан бийликти бөлүшүп алган ынтымагы болуп, бир жагынан абалкы өткөөл мезгил, бирин-бири акмалаган, ар кимиси өз кубатын тымызын чамалашкан убакыт гана болучу. Шаарихан беги карабагыш тууганы Койчу датка, Кыдырбек датка, Кудайназар баш болгон бир топ ордо адамдары Алымбек датканын таасирине өтүштү. Бул жаат «өлкө биримдиги» дегенди өз ичинен өзүмдүк хан авледин көтөрүп, колдон келишинче орус менен жакшылык менен тынышып сакташмак. Бул көксөө Ташкенге бек болуп калган Шатман кожонун таламына төп келбей, ал астыртан молла Алымкул жаатына ыктады. Күн өткөн сайын ара жиктелип, кимдин жанында ким бар экени эки тарапка айкын болуп, айыгышуу аябай курчуп, кыйраша турган бир катуу кагылыш үрөй учура жакындап келе жаткансыды.

уландысы бар

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 3 =