Темирбек Асанбеков: “Коңшусу менен мамилесин түздөй албаган мамлекеттин келечеги болбойт”

0

Каганат.

Президенттик шайлоого аттанып, бирок эмнегедир кол тамгалары жараксыз болгон, бир нече шайлоого катышып жеңилсе да, утулуу ызасына алдырбай шайдоот жүргөн “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков маек төрүбүздүн коногу болду.

-Учурдагы эң актуалдуу маселелердин бири болгон мөңгүлөр тууралуу кайрылуу жолдодуңуз. Мөңгүлөргө болгон карасанатай мамиле эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?

-“Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мамлекет кызматкерлерин душман дегенден алысмын. Мунун баары экономикадан улам келип чыгууда. Казынада акча жок, экономика мурунтан бери түптөлгөн эмес, ал эми бийлик өкүлдөрү социалдык маселелерди чечиши керек. Айласыздан “башка түшсө байтал жорго” дегендей абал болду. Бирок социалдык маселелерди чечебиз деп аша чаап кетүү туура эмес.

-Экономикалык, социалдык маселелерди чечебиз деп мөңгүлөргө кол салышса, кийин мындан да чоң маселелер жаралбайбы?

-Негизи эле “Кумтөр” токтойт, мөңгү маселеси ошого барып такалууда деп жатышат. Бирок “Кумтөр” боюнча өзүнчө токтом чыгарып же ал кендин иштөөсүнө жолтоо болбогудай бир башка мыйзам иштеп чыгышса болмок. Ал эми бизде “Суу кодексин” өзгөртүп койсо башка кен байлыктарды иштетүүдө дагы инциденттер пайда болушу ыктымал. Өкмөт “Кумтөргө” гана жол берилет деп айтып жатат, бирок  бизде Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү бат эле алмашып кетет. Канча жолу токтомдор чыгып, кийин ким аткарары белгисиз болуп, иштебей келет. Анын үстүнө бул жерде өкмөттүн кайсы бутагы бул маселе боюнча жооп берери жазылган эмес. Ушундай түшүнүксүз маалыматтардан улам мен “Суу кодексине” өзгөртүү киргизбей, “Кумтөргө” байланыштуу өзүнчө мыйзам иштеп чыгыш керек деп депутаттарга сунуштадым. 

-Сиз мөңгүлөр боюнча экологдор, эксперттер менен сүйлөшүп көрдүңүзбү?

-Мен бул маселе боюнча экологдор менен жолугуштум. Мөңгү жаан-чачындын балансын сактап, табигаттын тең салмактуулугун камсыздап турат. Экологдор мөңгү 3000-4000 метр бийиктиктен ашкан жерлерде кендерди иштетүүгө бөгөт коюу керектигин айтышты. Экологиялык баланс бузуларын белгилешти. Алар “Кумтөрдү” шылтоолоп мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, жалгыз эле Кыргызстанда эмес, Орто Азияда чоң көйгөй жаралышы мүмкүндүгүн айтышты.

-Деги эле Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүү боюнча кандай пикирдесиз?

-Кен байлыктарды иштетүү өлкөнү экономикалык каатчылыктан алып чыкпайт. Бул өтө оор жана көп каражатты талап кылган тармак. Ошондуктан союз маалында кендерди көп казышкан эмес. Учурда инвесторлор келсе дагы мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыктарын көздөп келишет. Эгерде кен казабыз десе анда мамлекет бул ишти өз колуна алышы керек. Ал үчүн өзүнчө тармакты, илимий-институттарды түзүшү кажет. Бул система союз маалында бар болчу, биз аны таратып жибердик. Негизи эле кен байлыктарды иштетүү мыйзамдарды өзгөртүп юридикалык, экономикалык, экологиялык жактарын кароо керек.

-Сиз маалымат жыйынын берип, ЖКга, өкмөткө кайрылуу жолдодуңуз. Кайрылуу менен абалга кандайдыр бир таасир бере алам деп ойлойсузбу?

-Көчөгө чыгып, кызуу кандуулук менен талап коюу туура эмес. Анткени айрымдар чала маалыматка ээ болуп эле кыйкырып жатышат. Кызуу кандуулук кылып саясий туруктуулукту бузган болбойт. Көпчүлүк мөңгү маселесин шылтоо кылып таарынычын да билдирип жатышат. Мен парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрүн кыргыз душманы деп эсептебейм, себеби баарыбыз кыргыз жеринде туулганбыз. Ар бир адамдын табигатка болгон түшүнүгү бар. Менин кайрылуум таасир берет деп үмүттөнөм. Себеби мыйзам кабыл алынып, калса эртең оор абалга туш болобуз дагы, акыры бул маселени чечүү зарылчылыгы келип чыгат.

-Сөз нугун башкага бурсак. Сиз буга чейин бир нече жолу шайлоого катышып келгенсиз, шайлоодон тажаган жоксузбу?

-Саясат жолу өтө узун. Мамлекетти башкарып кетүү өтө оор, көп убакытта топтогон тажрыйба, билим деңгээл керек. Мен саясатка аралашайын деген эмесмин. Саясат аркылуу илимий алган тажрыйбам менен Кыргызстанды өзгөртүүнү каалагам. Мен сырттан келе жатканымды түшүнүп тургам. Саясий процесстерге катышып өзүмдү таанытуу, элдин табигатын билүү жолун  басып өтүүм керек эле. Ошондуктан мыйзам чегинде шайлоого катышып келем. Шайлоого катышып эле жеңип чыгам деп ойлогон эмесмин. Анткени мени эч ким күтүп жаткан эмес. 50 миң добуш алганымда менин пикиримди колдогон адамдар бар экенин көрүп таасир алдым. Андан соң президенттик шайлоого катыштым, 4-орунга жетиш жаңы келген адам үчүн жеңиш. Утулганды да билип, элдин тандоосун сыйлаш керек. Биз ынтымактуу болуп, ички маселени мыйзам чегинде чечишибиз керек, ич ара тытышып жатып тышкы саясатта Кыргызстандын абалы оор болуп маанилүү маселелер каралбай калат. Ошондуктан мен шайлоо учурунда активдүүлүгүмдү көрсөтүп, жөнөкөй убакытта өзүмдүн партиям менен иш алпарып, өзүмдүн саясий тобумду күчтөндүрүү менен алекмин.

-Демек дагы да шайлоолорго катышасыз?

-Шайлоого саясатчы сөзсүз катышышы керек. Мурдагы саясатчылар кетирген каталарды оңдоо жолун айтып, коомду башкача деңгээлде өнүгүү багытын далилдеш керек. 7 жыл саясатчы үчүн жаш баланын өмүрү. Бир мисал айта кетейин, Түштүк Кореянын президенти болгон Ким Дэ Чжун азыркы технологиялык прогрессти жана башка көп нерсени киргизген. Ал инсан 20 жылдан кийин гана президент болуп келген. Ал башында партия түптөгөн, аны коом кабыл алган эмес. Бир топ запкы да жеген. Ал “Саясатта эң негизгиси туруктуулук жана элдин маселесин чече билүү позициясын убакытка карабай далилдөө” деген. Ошондуктан мен ойлойм шайлоого дагы катышабыз.

-Сиз топтогон кол тамгалар жараксыз деп шайлоого катыша албай калдыңыз, кол тамгалар жасалма беле?

-Мен саясий тажрыйбам аз болуп, Москвадан жаңы келип командам түптөлө электе 2011-жылы кол тамгаларды топтоодон жакшы өткөм. Адам баласы барган сайын такшалат. Бирок эмнегедир 6 жылдан кийин мен топтогон кол тамгалар жараксыз болуп калды. Ошондуктан ушундай нерсе да болобу деп суроо салат элем. Бул да балким керек нерсе болсо керек. Башкача саясий маданиятты негиздеп жүргөндүктөн тынч отуруп турайын, ансыз да ызы-чуу көп болуп жатат деп, жаңжалга барган жокмун.

-Шайлоо алдында эле башталган кыргыз-казак чек ара маселесин кандай жолдор менен чечсе болот?

-Чек ара маселесин чечүү керек. Себеби чек ара жол маселесин чечет, ал эми жол бул экономикадагы кыймылдаткыч. Кыргыз-казак чек арасы маселесин чечүүнүн 2 жолу бар. Биринчиси дипломатиялык жол. Кызуу кандуулуктан саясатчылар алыс болушу керек. Коңшусу менен мамилесин түздөй албаган мамлекеттин келечеги болбойт. Экинчиден экономикалык ички потенциалды колдонуу керек.  Биз ортомчул мамлекет болуп, ички өндүрүштү иштете албай, энергетика маселесин чече албай, жерде жаткан акыркы алтыныбызды казып эле отура берсек бүгүнкүдөй жагдайга келип такалабыз. Энергетика, инфраструктура, коопсуздук тармактарды аткаруу бийлиги иштеп чыгуусу керек. Булар бажы, салык, соода саясатына таасир берет дагы экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.  Экономикалык жактан кубаттуу мамлекет болсок кошуна калк жамандыкка барбайт. Биздин кемчиликти чек араны жаап көрсөтүп коюшту. Биздин өкмөт далбастап аракет кылышканы менен майнап чыккан жок. Бул өтө чоң саясий белги. Биз жаңжал чыгарып, башка өлкөлөр менен келишим түзсөк болбойт. Тышкы саясатта достук болбойт, ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы болот. Бул бир туугандарыбызга бир аз эркелегенибиз го. Бирок боодошторго кыр көрсөтүп маселе чече албайбыз.

-Өкмөт башчы Сапар Исаков бир канча жолу чек ара маселесин көтөргөнү менен көйгөй чечилбей келет. Сапар Исаковдун тажрыйбасы жетишсиз болуп жатабы?

-Сапар Исаковдун маңдайына ушундай жазылганбы, өкмөт башчы болуп келери менен эле чек ара маселеси келип чыкты. Бажы союзундагы мамлекеттердин арасында саясий-экономикалык кризиске келип такалып жатабыз. Бул маселени азыр премьер-министр жалгыз чече албайт. Өкмөт башчылык саясий милдет. Кесипти билгени менен саясий фигура болуш үчүн саясий салмак болушу керек эле. Исаков кандай иштеп кетерин эми убакыт гана көрсөтөт. 2-3 ай иштеген адамга баа берүүдөн алысмын.

-“Азыркы саясатчылардын баары көп жылдан бери бийликке аралашып, эч кандай жыйынтык чыгаралбагандар” деп айтканыңызды билебиз, кеп ким тууралуу болду эле?

-Мен Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева баары эле тууралуу айткам. Себеби эгемен болуп бөлүнгөндөн кийин ак көңүл, ишенчээк баладай эле туура эмес багыт алганбыз. Тажрыйбанын жоктугунан мамлекет башчылары жеке кызыкчылыктын негизинде түптөгөн системага билип-билбей көп саясатчылар аралашып калышкан. Бул жакта жүрсөм мен да аралашып калмакмын. Мен атайылап катачылык кетиришти деп айтпайм. Коом азыр абдан нааразы. Эртеңки күнү эл менен тил табышпасак эл биз чыгарган мыйзамдарды аткарбаса, эл ишенбесе саясатчынын таасири кандай? Ошондуктан дагы мен башка саясатчыларга кошулбай жалгыз жүрөм.

-Жалгыз жүрөм дегениңиз менен маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановго жан тарткандай болдуңуз?

-Көп жылдан бери саясатта жүргөн Өмүрбек Чиркешовичтин Кыргызстанга кошкон көп салымы бар. “Ата Мекен” партиясынын канатынан КСДПнын, “Ак Шумкардын” өкүлдөрү чыккан. Саясий көз караш келишпей калды деп эле терс аракеттерге барбашыбыз керек. Кыргызстанда элдин башын бириктирүү маселеси турат. Сиз атаган эки инсандын тең кыргыз саясатына кошкон өз салымдары бар. Мүдүрүлгөн адамды табалаган туура эмес. Манастын осуятында айкөл, ак көңүл, берешен, кайрымдуу калк экенибиз жазылган. Бирок бүгүн баары тескерисинче болуп калгандай, нааразыбыз, кекчилбиз, бири-бирибизди каралаган калкпыз. Бул эртең жакшылыкка алып келбейт.  Эгерде бул 2 саясатчыны жактап, колдой турган болсом мурда эле кошулуп алмакмын. Саясий көз карашыбыз ар башка.

-Кенен маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык! 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 + беш =