Токтайым Үмөталиева кыргыз-казак чек арасын чечем дейт

Каганат.

Белгилүү укук коргоочу, президенттикке талапкер болгон Токтайым Үмөталиеванын демилгеси менен   өткөн жумада «Шайлоо жана анын жыйынтыктары» деген темадагы тегерек үстөл уюштуруп, ага саясый серепчилер, эксперттер, граждандык коомдун өкүлдөрү  жана журналисттер катышты. Тегерек үстөл эки теманы талкуулоонун алкагында эркин микрофон форматында өттү. Ошондой эле Кыргызстандын келечеги, чек ара боюнча жаралган көйгөйлөр, тышкы жана ички саясий коркунучтар туурасында кенен талкуу болду.

Талкуунун жүрүшүндө расмий түрдө жарыяланган шайлоонун жыйынтыгы, жана анын жыйынтыгын таануу боюнча шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн 9зу жыйынга келип, экөөсү белгисиз себептер менен келбей калгандыгы, шайлоонун жүрүшүндөгү кемчиликтер жана катачылыктар, мыйзам бузуулар туурасында дагы эркин сүйлөшүүлөр орун алды.

Талапкер катары шайлоонун жыйынтыктары боюнча доклад менен кайрылган Токтайым айым шайлоодогу агитация мыйзамы боюнча үгүттөө иштеринин кайсыл мезгилде токтоосу жана бул убакыттан кийин болгон жыйындардын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендиги, БШК тарабынан түзүлгөн 27 кошумча участок, Биометрия жана Асу системалары, шайлоо алдындагы кээ бир талапкерлердин чет өлкөлүк ажолор менен жолугушуусу, анын шайлоого жана ички экономикалык саясатка тийгизген таасирине токтолду.

Кыскасы, аталган тегерек үстөлдө шайлоо жана анын тазалыгы, аларга болгон ишеним. Президентке талапкерлер тарабынан болгон мыйзам бузуулар ага  БШКнын чара көрбөгөндүгү тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес структурасына оор таасирин тийгизген кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн жагдай тууралуу да маселе талкууланды. Алмазбек Шаршенович Сооронбай Шариповичке чиеленишкен чек ара маселесин ошо бойдон таштап кетпей чечип кетсин деген өтүнүчүн айтышты. Ошондой эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдошуп, эки тараптын тең белгиленген тартипте  тийешелүү процедуралар жүргүзүлүшү керектиги күндүн зарыл маселелеринен экенине токтолушуп, элдик дипломатиянын ролу кошуначылыкта чоң роль ойноорун  жана бир тууган элдин тынчтыгын, өнүгүшүн камсыз кылып, эки элдин ынтымагы үчүн иш кылууга чакырышып, аксакалдардын тобунан башкача айтканда, Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдардын делегациясын кабыл алышын өтүнүштү.

Андан көп өтпөй, Токтайым Үмөталиева көтөргөн маселе чечилип, Кыргызстандагы аттуу-баштуу сыйлуу аксакалдардан турган топ Астанага барганча эле чек ара ачылып, карапайым элдин маселеси аз болсо да чечилгенсиди. Токтайым Үмөталиева даярдалган кайрылууну ээсине жеткирүүгө аракет кылганын, азыр да Астана менен жолугушуу тууралуу маселени ишке ашырууга далалат жасап жатканы айтылууда. Эмне дейбиз шайлоодо компроматы жок күрөшкөн элдик президент болом деген максатта иш алып барган элдик президенттин образын жараткан, күчтүү үй-бүлө, күчтүү мамлекет деген ураандын алдында иш алып барган Токтайым Үмөталиеванын аракетине баракелде гана дейбиз.

Чыны  менен эки дөө кармашса, ортодо кара чымын өлөт болуп, эки президенттин кармашканынан, кайым айтыштан карапайым эл гана кыйналды. Ага баарыбыз күбөбүз. Токтайым Үмөталиева баштаган топ  кандай кырдаал болбосун, кандай маселе жаралбасын эки өлкөнүн соода – экономикалык мамилелеринде эч кандай  саясий компаниялар, саясий элитанын орун алмашуусу жана саясий багыт роль ойнобошу керек деди. Ошондой эле эки мамлекеттин тең конституциясында  “Эл бийликтин  булагы”- деп жазылган. Эки элдин тынччылыгы үчүн бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечилиши керек. Болбосо мындай маселелер  айрып карагыс эки бир тууган элдин чек арасындагы абалдын курчушу бир гана душмандарыбыз үчүн  пайдалуу болуп калышы ыктымал. Чынында ички жана сырткы душмандарыбыз ошону гана күтүп турушат деген оюн ортого салды.

Чынайым Кутманалиева

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × беш =