2018-жылы ажылык сапарга биометрикалык паспорту барлар гана барат

Каганат.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2018-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ажылык  иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жатат.

“Буга байланыштуу 2018-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрөт. Ошондуктан ажылык сапарга баруучулар биометрикалык паспорт алуулары керек”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 + он =