Бакыт Төрөбаев: “Мен бизнес чөйрөсүнөн келгем, өкмөттүн акчасынан байыган эмесмин”

Каганат.

Аты-жөнү: Төрөбаев Бакыт Эргешевич

Туулган жылы:  1973-жыл 5-апрель

Жашы: 44

Азыркы кызматы: Жогорку Кеңештин депутаты

Туулган жери: Кыргызстан

Облусу: Жалал-Абад

Кичи мекени: Жалал-Абад шаары

Улуту:  Кыргыз

Уруусу: кушчу

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Хоббиси: футбол ойноо

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Үй-бүлөсү: Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын атасы. Жубайы Асел – башкы эсепчи. Улуу уулу быйыл мектепти аяктады.

ОРТО БИЛИМИ: 

-Жалал-Абад шаарындагы орус тилдүү мектептин босогосун аттаган. 8-классты аяктаган соң Суворов аскердик окуу жайына тапшырган.

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

1999-жыл

Кыргыз улуттук университети, финансы жана насыя  адистиги

ЭМГЕК ЖОЛУ

– 1995 — 1998-жылдары

Иштеген жери: “Жамиля и К” фирмасы

Кызматы: Директор

1996 — 1998-жылдары

Иштеген жери: “Экспорт-Табак” ишканасы

Кызматы: Директордун орун басары

1998 — 1999-жылдары

Иштеген жери: “Азия-Сузак” дыйкан чарбасы

Кызматы: Төрага

2000 — 2007-жылдары

Иштеген жери: “Мариям” ЖЧКсы

Кызматы: Башкы директор

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

2007 — 2009-жылдары

Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңештин IV чакырылыштагы депутаты

2009 — 2010

Өзгөчө кырдаалдар министри

2010-жыл

Жогорку Кеңеште төраганын орун басары

2010-жыл

«Республика» фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты.

2013-жыл

«Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобунун лидери. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын негиздөөчүсү.

2015-жыл

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты

СЫЙЛЫКТАРЫ:

“Ардак” медалы менен сыйланган.

Бакыт Төрөбаев 11 жашында апасынан айрылган. Тагдырдын мындай оор сыноосун ал мындайча эскерет.

-Балалык кезимди эске түшүргөндө тагдыры татаал каармандары бар жомокко окшоштурам. Мен 11 жашка толгондо апам Мариям бул дүйнөдөн өттү. Ошол күндөн тартып 11 жашка толгон Бакыттын жашоосунда эң аянычтуу учур башталды. Апанын ордун эч ким толтура албайт экен. Бир учурда «Акчам көп болгондо апамды сактап калмакмын» деген сөздү айттым эле, аны атам угуп алып көзүнө жаш алыптыр.

Жетимдиктин катаал күндөрүн башымдан кечирдим. Бир агамдын үйүнөн экинчи агамдын үйүнө барып жашап, алардын тарбиясын алдым. Атам жооптуу кызматта иштегендиктен, ал эртең менен жумушка кеткенин, кечинде үйгө келгенин көрбөй калчумун.

Элестетсеңиз, 11 жаштагы баланын таңкы саат алтыда туруп, Жалал-Абад шаарына жөө жөнөгөнүн. Биз жашаган айыл менен шаардын аралыгы 20 чакырымды түзөт. Мектепти көздөй баратканда, кайра үйгө кайтканда ар дайым апамды жоктоп, аны эстечүмүн. Мына ушундай тагдыр мени абдан чыйралтып, турмушка бышырды десем болот.

Эмне үчүн аскер адымы болбой калган?

-Мен бир жыл Суворов атындагы аскердик училищасында окудум. Мына ушул окуу жайы мени тыкандыкка, принципке турганды, тартипке, тактыкка тарбиялады. Жоопкерчиликти сезүүгө, милдетти так аткарууга көнгөнмүн. Кыргыз баласы ар бир жасаган ишине жоопкер болуп, өз милдетин так аткарып келет эмеспи. Үй бүлөлүк тарбия дагы мени чынчыл болууга үйрөткөн. Атам талапты катуу койчу эле.

Ал окуу жайда 1 жыл окуганымдан кийин улуу агам Баатыр армиядан келээри менен «Сен аскер адамы болбойсуң!» деген бир ооз сөз айтты да, мени окуудан чыгарып алып, айылга алып кетип калды. Агамдын бир ооз сөзү менен аскердик окуу жайын таштадым. Эгер Баатыр агам «Окуй бергиниң» деп окуу жайда калтырганда, бүгүн мен аскер адамы болуп калмакмын.

Бакыт Төрөбаевдин элдин эсинде калган сөздөрү:

2013-жылы Саламаттыкты сактоо министри тууралуу:

-Саламаттыкты сактоо министри катары Динара Сагынбаевага ден соолугумду тапшырууга ишенбейм

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу:

-Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тар чөйрөгө иштеп, элиталык бизнеске айланды, ал электр энергиясына “акылдуу эсептегичтерди” сатып алууга түзүлгөн эмес

Өмүрбек Текебаевдин камалышы тууралуу:

-Бизди эл шайлаган. Оор кырдаалды парламент өзүбүзгө алып, көчөгө чыгарбайлы. Эгерде андай кыла албасак, анда парламент таркасын.

Бишкек шаарынын мэри болуп Албек Ибраимов кайрадан шайланганда:

– Албек Ибраимов – Бишкектин мыйзамсыз мэри

Балдарга карата зомбулук маселеси туурауу:

-Педофилдерге өлүм жазасын колдонушубуз керек

2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын III съездинде:

Өзбекстанга сууну бекер берүүнү токтотпосок, 10 жылдан кийин суубузду курал менен коргоого мажбур болобуз

ЖКнын төрагасынын орун басарлыгынан кетип жатып:

-Мен креслого жармашпайм

-Мен бизнес чөйрөсүнөн келгем, өкмөттүн акчасынан байыган эмесмин.

-Ден соолукту чыңдоо шартына келгенде ар бир атуул өз укугун уттурбашы керек.

Айтылган сөз атылган ок

Шайлоо мезгилинде бир айылга барып, жардамга муктаж бала бакчага кирип калдык. Азыр депутаттык айлыгымды ошол бала бакчага которуп турам. “Айтылган сөздү аткарыш керек” деген принципти карманам.

Депутаттык айлыкты албай, аны башка бирөөгө берсем эле, мени бай деп атоого болбойт. Шайлоодо айрым саясатчылар “мен депутат болсом, мага айлыктын, машинанын кереги жок” дешти эле. Бирок иш жүзүнө келгенде андай болбой калды. Ал эми өзүм айткан сөзүмдү аткарууга аракет кылам.

Атам –менин сыймыгым!

Ошол Союздун учурундагы ар бир короо-сарайды, пахта талааларындагы шыйпаңды электр энергиясы менен камсыз кылууда атамдын кажыбас эмгегинин акыбети бар. Ошондуктан, атам бийликтин, элдин ишенимине арзып, өз учурунда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. «СССРдин энергетикасынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жана КМШнын эмгек сиңирген энергетиги», III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.

Ишкерликтен алгачкы чыйыр жолу

-Эр жетип чоңойгон кезимде дагы атамды сөзгө калтырбайын деп, анын атын жамынып, иш кылганым жок. Мени атасынын байлыгы менен ушул деңгээлге жетти дегендер жаңылышат. Жалал-Абад шаарында «Жалал-Абад» минералдык суусу ошол кезде айнек бөтөлкөдө чыкчу.

18 жашымда заводдон сууну алып, авто бекетке алып барып сатчумун. Бизнесимдин фундаменти минералдык суу саткандан түптөлгөн.

Үй-бүлөсү тууралуу

6 бир тууганмын. Улуу агам – куруучу. Экинчиси Каржы полициясында иштейт. Ортончу агам – ишкер. Атамдан кийин эле ушул бир тууганым көп кеңешин берип жүрдү. Анан мен. Менден кийин карындашым жана иним бар. Иним – бизнесмен.

Бакыт Төрөбаев саясатта гана ийигиликтерди жаратпастан кезинде илимде да жетишкендиктерге ээ болгон. Мисалы, ал 7-классында физика сабагы боюнча олимпиадага катышып 1-орунга ээ болгон.

Ошондой эла “Өнүгүү Прогресс” партиясынын ана башчысы коңур үндүн да ээси. Буга 2009-жылы КТР уюштурган “Кош жылдыз” долбоорунда Динара Акулова менен “Албырып шаттык жүзүндө” деген ырды дуэт кылып ырдап чыкканы далил боло алат.

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × беш =