Бишкекте жылына канча таза суу коротулат билесизби?

Каганат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан сууну үнөмдөөнү суранат. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, борборго жыл сайын 114 млн. м³ суу берилет, анын жарымы максатсыз эле пайдаланылат.

Таза сууну айрым шаардыктар сугат суу катары колдонушат. Суусу токтобой калган 1 крандан эле ширеңкенин талындай ичкеликте суу куюлса 400 литр суу коромжу болот.

Суу 150 метр тереңдиктен алынат. Салыштырмалуу 9 кабаттуу 5 үйдүн бийиктиги менен барабар. Бишкектеги батирлерге суу берүүчү 237 насусотук станция иштейт.  Шаар боюнча жер алдында 1423 км суу түтүктөрү жайгашкан.

Бишкектиктерди таза суу менен камсыз кылуу үчүн 209 даана атайын техника, 1530 адам күнү-түнү иштейт.

Таза суунун 1 куб метри болгону 5,38 сомдон гана берилет.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы сууну үнөмдөп колдонууну суранат.

Таза сууга байланышкан суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:  56-03-20  

(борбордук диспетчердик кызмат).

WhatsApp:

– Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;

– Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;

– Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

– Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − 13 =