Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 миллион сомдон ашык акча жумшалат

Каганат.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 миллион сомдон ашык акча сарпталат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди

Касымалиев бул сумма республикалык казнадан каралып жатканын айтты.

Мындан тышкары, ушунча эле акча белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына багытталат.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  2018-жылы жылы дагы Ысык-Көлдө өтөт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + 11 =