Депутат Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот

Каганат.

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Чолпонбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Эске сала кетсек, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды. Чолпонбаев “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат болуп шайланган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × беш =