“Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү Александр Гусев менен Тойгонбек Калматов акталды

Каганат.

Бүгүн 13-ноябрь күнү Бишкек шаардык соту “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү катары камакка алынган Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовду актады.

Ал эми “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалышкан “Элдик парламент” деп аталган кыймылдын башка мүчөлөрү боюнча соттун мурдагы чечими күчүндө калды.

Эске салсак, быйыл 16-июнь күнү Бишкек шаарынын н Биринчи Май райондук соту “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалышкан Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдун ишин карап, анда мамлекеттик айыптоочулар Талгарбеков менен Колубаевге 18 жыл, Гусев, Калматов, Марат Султановго 16 жыл жаза мөөнөтүн сураган эле.

Ушул эле жылдын 2-август күнү Биринчи Май райондук соту Гусевди алты, Калматовду беш жылга шарттуу түрдө кесүү боюнча чечим чыгарган эле.

Ал эми Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. Бирок райондук сотун чечимине нааразы болгон айыпталуучу тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

“Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын жогоруда аты аталган мүчөлөрүн “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган.

Белгилей кетсек, анда “Элдик парламенттин” төмөнкү негизги талаптары ачык айтылган:

— Атамбаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүсү;

— Чыныбай Турсунбеков, Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана Тургунбек Калмурзаевдерди сот жообуна тартуу;

— 2010-жылдагы июнь трагедиясына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча Гаага трибуналына кайрылуу.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

15 + он эки =