Исаевдин сотунда эксперттердин баасы боюнча карама-каршылыктар чыкты

0

Каганат.

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму уланууда. Анын жүрүшүндө көз карандысыз эксперт Жаныбек Исаевдин корутундусун иш материалдарына тиркеп коюу өтүнүчү жана аны суроо зарылчылыгы айтылды.

Жактоочу Бакыт Осмоналиевдин айтымында, эксперт Карыпбек Сагынбековдун эки ирет жүргүзгөн экспертизасынын корутундусунда айырмачылыктар көп.

Жактоочу Кайрат Загибаев дагы көптөгөн карама-каршылыктар бар экенин кошумчалады.

Сагынбеков мурдагы сот отурумнда берген көрсөтмөсүндө Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкесин жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго арзан сатканын билдирген. Ал 2009-жылы өз алдынча жана 2016-жылы эксперттик топту жетектеп экспертиза жүргүзүшкөн. Натыйжада жогоруда аталган жер 2009-жылы 5 миллион сомго баалнган. Ал эми 2016-жылы 17 миллион сомго бааланган.

Сот Абдуразак Боромбаев экспертти суроо тууралуу өтүнүчтү канааттандырды.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура “Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган” деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Андан соң депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Ага карата “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык” жана “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 7 =