Кыргызстанда орточо айлык 14 миң 814 сомду түзөт

0

Каганат.

Кыргызстанда 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык 14 миң 814 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.

Маалыматка ылайык, айлыктын жогорулоосу экономикалык жактан иш алпарган уюмдарда болгон.

Кызмат көрсөтүү тармагында маяна 23,4%, илимий-техникалык тармакта 16,9%, кайра иштетүү тармагында 12,3% жогорулаган.

Сентябрга карата расмий катталган жумушсуздардын саны 62 миң 800 адамды түзөт, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 11 пайызга көп.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 5 =