Кыргызстандыктардын төлөм картасынан 1,1 млн сом уурдалган

Каганат.

2017-жылдын II кварталында кыргызстандыктардын төлөм картасынан 1,1 млн сом уурдалган. Бул тууралуу Улуттук банкынын статистикалык маалыматында жазылган.

Бул убакыт аралыгында жалпы 87 жолу күмөн туудурган операциялар жүргүзүлгөн.  Алардын баары алдамчылар тарабынан жасалганы белгилүү болду. Баардык учурларда эл аралык Visa картасы колдонулган.

Көпчүлүк учурда же 67 жолу интернет акча котруулар аркылуу кыргызстандыктардын картасындагы каражаттар уурдалган. 5 жолу акчалар POS-терминалдар аркылуу, 4 жолу банкоматтар аркылуу алынган.

Кылмышкерлер негизинен скимминг жолу менен акчаларды уурдашкан.

Скимминг – бул төлөм карталарынан акча уурдоо түрү. Анда алдамчылар скиммер деп аталган атайын жабдуунун жардамы менен картанын магниттик талаасында жайгашкан маалыматты окуп алышат.

Картадагы маалыматтарды окугандан кийин кылмышкерлер анын дубликатын жасашып, ПИН-кодду алуу үчүн ал адамдын артынан кодду карап турушат, клавиатурага атайын спрей чачышат, же микрокамераларды орнотушат.

КРнын Улуттук банкынан билдиришкендей, скимминг болгонунан кабардар болору менен банк карталарды блоктоп турган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − 6 =