Кыргызстандын карызы 1 айда 12,16 млн долларга өстү

0

Каганат.

Кыргызстандын карызы бир айда 12,16 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери карыздын көлөмү 326,13 миллион долларга көбөйгөн.

30-сентябрга карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 366,55 миллион долларды же 299 миллиард 800,58 миллион сом түздү.

Анын ичинен:

– 3 миллиард 968,14 миллион доллар же 272 миллиард 446,54 миллион сом тышкы карыз;

-398,41 миллион доллар же 27 миллиард 354,04 миллион сом ички карыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =