Тойгонбек Калматов: “Чындыкты туу катары кармаган инсандар менен карысам да  абакта бирге жатканыма ыраазымын”

0

Каганат.

Бул инсандар кыргыз элинин, мекендин  элдин патриоттору катары Кыргызстандын тарыхында калат. Бул тууралуу “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү Тойгонбек Калматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ак ийилет бирок сынбайт. Эртеби-кечби, баары бир күн чындык жеңет. Азыр далилсиз коюлуп жаткан күнөөлөрдүн баардыгы эч нерсеге арзыбаган, бармагынан соруп алган күнөөлөр экени акыры далилденет.

-Бул инсандар кыргыз элинин, мекендин  патриотторуу катары Кыргызстандын тарыхында калат.

Мен 71 жашка чыксам дагы, ушул эл үчүн, мекен үчүн эч нерсесин аябастан түрмөдө жатса дагы эркиндикти. чындыкты туу катары кармаган инсандар менен карысам да  абакта бирге жатканыма ыраазымын. Ал гана эмес сыймыктанам-деди Калматов

Тойгонбек Калматов “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрүнө коюлган айыптар далилсиз экенин, бул саясий куугунтук экенин эч ким жокко чыгара албасын кошумчалады.

-Карысам да кыргыз элинин, кыргыз мамлекетти үчүн, кандай убакыт болбосун киши башына кыйынчылык түшкөндө сынбастан тике туруп бергенге жарайт экенмин –деп ушул сыноону башыман өткөргөнгө мен ыраазымын.

Ал эми кабыл алынган чечимдердин баары негисиз, далилсиз  саясий куугунтук болуп калгандыгын эч ким тана да албайт жана жокко да чыгара албайт-деди Калматов.

Эске салсак, 13-ноябрь күнү “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү катары камакка алынган Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовду актады.

Ал эми “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалышкан “Элдик парламент” аттуу кыймылдын башка мүчөлөрү боюнча соттун мурдагы чечими күчүндө калды.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 3 =