Жети-Өгүздө жол кырсыгынан бир киши каза болду

Каганат.

ӨКМнин басма сө кызматы билдиргендей, Жети-Өгүз районунда эки унаа сүзүшүп айдоочу каза болду.  

 Маалым болгондой,  кырсык 12-ноябрь күнү саат 18:50 чамасында Кызыл-Суу айылында болгон.

Нива үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ниванын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген. Ал эми Жигулидеги эки адам жеңил жаракат алышкан. Жабыркагандар Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 5 =