Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрга белгиленген маалымат жыйыны 20-ноябрга жылдырылды

0

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрга белгиленген маалымат жыйыны 20-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

 Маалым болгондой, президент Алмазбек Атамбаевдин  журналисттер менен жолугушуусу 20-ноябрда өтөт.

“15-ноябрь – болжолдуу дата болчу. Президенттин иш графиги кээде өзгөрөт, ошондуктан 20-ноябрга жылдырылды”, – деп билдирди президенттик аппараттан.  

Эске салсак, өлкө башчы   Алмазбек Атамбаев жыл сайын жылдын аягында маалымат жыйын берип келет. Быйыл ММК өкүлдөрүнө акыркы жолу маалымат жыйын бериши болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − тогуз =