Бүгүнтөн тарта Бишкек-Ош унаа жолу маал-маалы менен жабылат

Каганат.

Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Кѳл шаарчасындагы эки жол тилкесинде таш кулатуу иштери жүргүзүлѳт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрдан 22-ноябрга чейин жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугу үчүн Бишкек- Ош жолунун 400-401-чакырымдарында таш кулатуу иштери жүргүзүлѳт. Буга байланыштуу маал-маалы менен жол жабылып турмакчы.

Министрлик келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − он =