Бабанов “Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидерлигинен эмне себептен кеткенин түшүндүрдү

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов “Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидерлигинен эмне себептен кеткенин түшүндүрдү.  Бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес. Анын билдирүүсү НТС телеканалынын YouTube баракчасына  жарыяланды.

 – Мен азыр Кыргызстандан тышкары жактамын, саламаттыгым жайында. Ден соолугумду карап жатам. Менин саламаттыгым жөнүндө көп айың-кептерди, ушактарды окудум, анын баары чындыкка туура келбейт. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү жана демократия үчүн баарыңыздар менен чогуу күрөшөм, ага даярмын. “Республика” партиясы жана парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясы штаттык режимде иштеп жатканын билдиргим келет. Шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө сунуштоо үчүн биз мурдагыдан да ыкчам, жигердүү, ынтымактуу иштөөгө тийишпиз. Буга байланыштуу мен “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери кызматынан кетип жатам – деген Бабанов.

Эске салсак,  4-ноябрда   Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок депутат ошол маалда өлкө аймагында жок экени белгилүү болгон.

Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын 2010-жылы негиздеген. Төрт жылдан кийин “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика — Ата-Журт” фракциясы түзүлгөн.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 + 3 =