Бабанов, Турсунбеков, Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү кеңешинен чыгарылды

0

Каганат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы өзгөртүлдү. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 14-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Жарлыкка ылайык Өмүрбек Бабанов, Чыныбай Турсунбеков, Сооронбай Жээнбеков, Олег Панкратов, Темир Жумакадыров, Толкунбек Абдыгулов, Арзыбек Кожошев жана Руслан Акматбек Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан чыгарылды.

Ушул эле жарлыкка ылайык, Дастанбек Жумабеков, Алмаз Үсөнов, Дүйшөнбек Зилалиев, Алмазбек Курманалиев, Кубанычбек Кулматов, Артем Новиков жана Нурсулу Ахметова өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына киргизилди.

Бул кеңешти Алмазбек Атамбаев өзү жетектейт.

Жарлык расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, 15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 2018-2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкууланат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 2 =