Бабановдун “Санжыра” радиосу эфир толкунуна чыкпай калды

Каганат.

“Санжыра” радиосу 1-ноябрдан тарта эфир толкунуна чыкпай калды. Бул маалыматты аталган радионун жетекчиси Айдай Ивакова тастыктады. Бирок ал азырынча эмне себептен радио иштебей жатканы боюнча комментарий бере албастыгын айтты.

Ал эми КРнын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети радионун жетекчилиги тарабынан лицензияны узартуу тууралуу билдирүү түшпөгөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, “Санжыра” радиосу 2011-жылдан тарта иштеп келет Радио Өмүрбек Бабановго тиешелүү болгон НТС телеканалына тиешелүү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − беш =