Баткен облустук ооруканасы: Шейшептерди колго жууп, сууну чакалап ташышат

0

Каганат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Баткен облустук ооруканасынын психонаркология жана терапия бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышты.

Маалыматка ылайык, ооруканада таза суу маселеси кабыргасынан турат. Көпчүлүк учурда таза суу токтоп калгандыктан сууну эшиктен чакалап ташышат.

“Кир жуучу машинка иштебей калгандыктан шейшептер колго жуулат, кир жууш үчүн дагы суу сырттан ташылып келинет. Ашканада столдор жок болгондуктан бейтаптар керебеттерге отуруп тамактанууга аргасыз”,-деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ооруканада бир эле психиатр болгондуктан ооруканада дагы поликлиникада дагы бир эле адам иштейт.

Бул кемчиликтер боюнча Кубат Оторбаев оорукананын башкы дарыгери менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал бир нече күндүн ичинде кир жуугуч машинка маселеси чечилерин билдирип, ал эми суу тутүктөрүн орнотуу маселеси облустук деңгээлде көтөрүлөрүн айткан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 2 =