Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Макао беттешет

0

Каганат.

Футбол федерациясынан билдиришкендей бүгүн Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Макао беттешет.  

Маалым болгондой, футбол боюнча оюн атаандаштын талаасында өтөт. Башталышы бишкек убактысы боюнча кечки саат 5.30да.

Эске салсак, Александр Крестининдин жетекчилиги алдында команда “А” тобунда чыгууда.Кыргызстандан тышкары бул тайпада Индия, Макао жана Мьянма ойнойт.

Кийинки раундга эң мыкты эки команда чыгат.

Буга чейин Кыргызстан менен Макао футбол талаасында эки жолу кез келип, бардык учурда тең жеңиш биздикилер тарапта болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 − он алты =