Курулуш плитасы басып калып каза болгон келиндин окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Каганат.

Сокулук районунун Новопавловка айылында бетон курулуш плитасы басып калып каза болгон аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш кодексинин 142-беренеси (Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) жана 236-беренеси (Сапатсыз курулуш) боюнча автокран айдоочусу кармалды. Азыр ал Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында.

Эске салсак, 10-ноябрда райондун Новопавловка айылында чатырда курулуш жүрүп жатканда автокрандан бетон плита кулап түшкөн. Андан кошуна үйдөгү 26 жаштагы келин оор жараат алып каза болгон. Дагы беш адам жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + алты =