Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрө элек

0

Каганат.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жоголо элек, бирок мурдагыга салыштырмалуу тыгындар  азайып калды.  

 Маалымдалгандай,  “Ак Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын тыгыны жок, автотранспорттун саны 50гө жакын.

Ал эми “Ак Тилекте” 300, “Чоң Капкада” 184 оор жүк ташуучу автоунаанын тыгыны турат.

– Саатына казак тарап оор жүк ташуучу беш машинаны өткөрүүдө. Бирок башындагыдай адамдардан турган тыгын жокко эсе. Мисалы, “Ак Жолдо” акыркы бир жумадан бери кезекке тургандар жок. Түшкө маал автобус, маршруттук такси менен келип түшүп калганда 100гө чейин адам топтолуп калат. Андан башка учурда адамдардын кезеги жок.

Ошондой эле “Чалдыбар”, “Кеңбулуң”, “Токмок” бекеттеринде абал туруктуу, тыгын жок.

  Белгилей кетсек, Кыргызстан чек арадагы абал үчүн Казакстанды айыптоодо. Андагы узун кезек күтүүлөр 10-октябрда, казак бийлиги көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги текшерүүнү күчөткөндөн кийин жаралган. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине карата айткан сынынан кийин болгон.

Казакстандын аткаминерлери чек арадагы абалда саясаттын жок экенин билдирип келишет. Эки тарап тең ЕАЭБдин мүчөсү болуп эсептелет. Булардан тышкары биримдикке Орусия, Беларус жана Армения мүчө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + 13 =