Министр: “Мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасы көтөрүлбөйт”

Каганат.

Мугалимдердин жана дарыгерлердин маянасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда ЖКнын комитетинде Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Айтымында, 2018-жылдын бюджетинде каражат каралган эмес.

“Быйыл сентябрда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлгөн. Жалпы 335 миллион сом жумшалды”, – деди министр.

Депутат Иса Өмүркуловдун суроосуна жооп берип жатып министр мугалимдердин айлыгы 2015-жылы жогорулатылганын кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − 3 =