Жол кырсыгынан дагы 3 адамдын өмүрү кыйылды

Каганат.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Исфана-Ош жолунда Степвагон менен Жигули сүзүшүп, үч адам каза болду.  

Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон.

Азыркы тапта кырсык болгон жерде патрулдук милиция кызматкерлери иштеп жатышат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × эки =