23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болот

0

Каганат.

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 23-ноябрда болот. Тиешелүү чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоо өткөрүү тапшырмасы берилди.

Учурда Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин Салайдин Авазов аткарып келет.

Жалал-абад шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясына КСДП,   «Республика», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × төрт =