АКШда хиджабчан куурчактар пайда болду

0

Каганат.

Барби куурчагын чыгаруучу компания өткөн Олимпиада оюндарында хиджаб менен мелдешке катышкан америкалык спортчу Ибтихадж Мухаммедден таасирленип жаңы куурчак чыгарышты. Бул тууралуу Independent басылмасы жазды.

Куурчак чыгарган америкалык ири Mattel Inc. корпорациясы жаңы оюнчук кийинки күздө сатыкка чыгарын маалымдады.

“Хиджабчан Барбилер – стереотиптерди жокко чыгарган аялдарга арналган коллекция”, – деп билдиришти компаниядан.

Ибтихадж Мухаммед Твиттерге: “Мен кыздар хиджаб кийген Барбилер менен ойношот деп сыймыктанып жатам”, деп жазды.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада Ибтихадж Мухаммад кылыч менен чабышуу боюнча командалык мелдеште коло медалды багындырган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 3 =