Алма-Ата шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Каганат.

Казакстанда Алма-Ата шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Залкар жазуучунун ысымы калаанын эски аталыштагы көчөлөрүнүн бирине берилиши мүмкүн.

Шаардын айрым көчөлөрүнө Чыңгыз Айтматов менен бирге, Советтер Союзунун баатырлары Сагадат Нурмагамбетов менен Талгат Бигелдиновдун, сүрөтчү Сергей Калмыковдун, жазуучулар Герольд Белгер жана обончу Ермек Сергекбаевдин ысымдарын берүү каралууда.

Жалпысынан Алматынын эски бөлүгүндөгү жана кошулган аймактардагы ондогон көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушталууда. Алардын көпчүлүгү советтик мезгилинде орусча аталып калган көчөлөр.

Белгилей кетсек, жалпысынан Казакстандын калаасында 100 көчө жаңы аталыштарды алат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 11 =