Атамбаев: ” Эгер мыйзам бузган болсом жооп берүүгө даярмын”

0

Каганат.

Бүгүн, 15-ноябрда  өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурумда президент Алмазбек Атамбаев  эгер мыйзамды бузсам мен дагы  жооп берүүгө даярмын” деди.

 Атамбаев «Бизде кол тийгис адамдар жок. Кандай гана кызматты аркалабасын, кимдин гана тууганы болбосун кылган кылмыштары үчүн сөзсүз жооп берет. Мен дагы бир жолу кайталайм. Эгер Кыргызстандын кайсы бир мыйзамдарын бузган болсом мен дагы жооп берүүгө даярмын. Мен Кыргызстанда жашайм жана мыйзам сыйлаган жаранмын», — деди.

Белгилей кетсек,  бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурум  өтүп жатат.  Ага  Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков,  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдор катышууда.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 6 =