Атамбаев: Кечиримди өзүнүн “шестеркасын” президент кылам деген адам сураш керек

0

Каганат.

Бүгүн, 15-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын астында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурум  өтүп жатат. Жыйын  “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

  Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев  “Кээ бир саясатчылар, айрым Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаев бай кошунабыздан кечирим сурашы зарыл деп жатышат. Мен эмнеге кечирим сурашым керек? Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине аралашпоону талап кылганым үчүнбү? Кыргыз мамлекетинин мыйзамын сыйлоону талап кылганым үчүнбү? Бизге эч ким кантип жашаш керектигин үйрөткөнгө укугу жок. Кечиримди өлкөнүн ички ишине аралашып, өзүнүн “шестеркасын” президент кылам деген адам сураш керек. –деди.

Ошондой эле бардык президенттер, диктаторлор эртеби кечпи кетет. Айрым учурда элдин эрки менен кетсе, кээде өз каалоосу, же Кудайдын буйругу менен кетет деди президент.

Белгилей кетсек,  бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурум  өтүп жатат.  Ага  Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков,  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдор катышууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + 20 =