Атамбаев кыргыздарды эмнеге жек көрөт?

0

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев канчалык ойду-тоону сүйлөбөсүн кыргыз эли айкөлдүккө салып, көз жумуп келет. Атамбаев ажо болуп келгенден бери кыргыз элин эмне деп гана кемсинткен жок, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, каргап-шилеп, деги койчу болгон жинин, күчүн элинен чыгарчу эмес беле. “Битке өчөшүп көйнөгүбүздү отко салмак белек” деген эл алсыз өлкө башчысына  теңелген жок. Бүгүн болсо Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеште сөз сүйлөп жатып мамлекет башчы кыргыздарга асылганын көргөндөр бир эсе таң калышса, бир эсе бул киши башка өлкөнүн жаранындай сүйлөгөнүнө кыжырданышууда.

 “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн” Атамбаев кыргыздар анын сөзүн дайыма бурмалап жатканын билдирип, орус тилинде сүйлөрүн айтты. Эне тилибизди жээрип, обу жоктонуп орусча сүйлөрүн айткан өлкө башчы бүтүндөй кыргыз элинин дарегине сын айтканына жол болсун! Баса, “Сыйга сый, сыр аякка бал” дейт эмеспи кадырман калкыбыз. Атамбаевдин аткошчулары айрым учурларда каргышты жаттап алууга шыгы бар ажого кыргыз элинин нарктуу макалдарынан дагы үйрөтүп коюшса аздык кылмак эмес .

Ар бир өлкө башчысы алгач элин сыйлаш керек. Анан саламга жараша алик алып эл дагы Ханын сыйлайт эмеспи. Атамбаев “улут болсом тилим менен улутмун” деген сөздү унутпай эстей жүрсө. Өздөн чыккан өрт жаман, өзөктөн чыккан жат жаман дегендей, кыргыз элинин ажосу эне тилин, кыргыз элин сыйлай албаса анда эмне үчүн Кыргызстандын өлкө башчысы болуп жүрдү? 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 5 =