Атамбаев Зиядин Жамалдиновду душман атады

1

Каганат.

“Зиядин Жамалдинов энергетика жана жолдор үчүн насыя алып эмне кылабыз деп кыйкырып чыккан, ал душман ”,-деди  президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында.

Айтымында, депутаттар убагында азыраак кыйкырышса көп насыя алууга мүмкүн болмок дагы, альтернативдик жол курулуп жаңы рыноктор ачылмак.

“Парламентте кыйкыргандарга кулак салбай насыя алуу керек. Эгерде парламент тоскоол кыла турган болсо, бизге мындай парламенттин кереги жок”,-деди Атамбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов буга чейин тышкы карыздын үчтөн бир бөлүгү же болжол менен 1 млрд 200 млн доллар жолдорду курууга кеткенин билдирген. “Биз жолдорду оңдоп жатабыз, куруп жатабыз, бирок бир жылдан кийин эле кайра оңдоо керек болуп жатат”,-деген болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Данияр(Таласский дворник) 15 November, 2017 at 18:43 Жооп берүү

    Уф уф,тутун.Кошаматчылар коп бугун.Ажо айтса;жалла деп.Жалап берет кочугун.

Пикир

он эки + 13 =