Бектур Асановго № 47 абакта операция жасалды

Каганат.

14-ноябрь күнү “Улуттук оппозициялык кыймылынын”  абактагы мүчөсү Бектур Асановго операция жасалды. Бул тууралуу Бектур Асановдун жакындары билдирди.

Операция Бишкек шаарында жайгашкан № 47 абакта болгон. Бектур Асанов бир айдан ашуун ооруп жаткан. Акыркы жума саясатчынын оорусу катуу болуп, 3-4 жолу «Тез жардам» чакырышкан. Кечээ 14-ноябрь күнү Бектур Асанов №47 абакка которулуп,  ошол жакта операция болгон.

Абак жетекчилиги  Бектур Асановго жактоочусунун да, жакындарынын  да жолугушуусуна уруксат беришкен эмес.

Эске салсак,  2016-жылдын  12-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күчкө салып басып алууга даярдоо фактысы боюнча топтолгон материалдардын негизинде К.Кадыровго, Б.Асановго жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 21-мартта интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн делген видеосу тараган. Анда алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен.

24-мартта Кадыров менен Асанов УКМКга жеткирилген жана тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, көрсөтүлгөн адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин тартибинде шектелүүчү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

26-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык айыптоо көрсөтүлүп, кармалгандар 2 ай камакка алынуусу жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми  Биринчи Май райондук соту ишти 7-майда караган. “Сот иши жабык түрүндө өтүп, эч ким киргизилген эмес.

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 1 =