“Мегакомду” Елена Нагорная сатып албайт

0

Каганат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду орусиялык ишкер айым Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүргүзүүну токтотту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “MegaСom” сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдө тараптар бир пикирге келе алышпагандыгынан улам токтотулган.

Эске сала кетсек, 26-сентябрда “MegaСom” компаниясын орусиялык Елена Нагорная аттуу ишкер сатып алууга ниеттенгени белгилүү болгон. Ал коюлган бардык шарттарды аткарып, жакынкы күндөрдө акча каражатын которууга даяр экенин билдирген.

Нагорнаяны чай сатуу менен алектенери белгилүү болгон. Айрым маалыматтарга караганда анын бизнес активдери 63 миң АКШ долларынан ашпайт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 + 17 =