Төрөбаевге Атамбаевдин сөздөрү дарыбы?

0

Каганат.

Саясатта канча жылдан бери жүргөнү менен туруктуулук дегенди унутта калтырган Бакыт Төрөбаев ким тарапка күн жарык тийсе ошол жакка ооп, күнкарама болуп кете берерин Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеште далилдеди.

Көрсө буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин айткан каргышы, сыны, нааразычылыгы, ал койгон аттардын баары Төрөбаевге майдай жагып, Атамбаевдин алтын шилекейинен улам ал бышып жүрүптүр.

Атамбаевдин “Төрөбаев президент болсо таң калбайм” деген сөзүнө даарып кеткенби ким билсин, айтор, калың журттун алдында бөйпөктөп “Алмазбек Шаршенович өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз, бизди сынддыңыз, бышырдыңыз” деп ийилип туру.  

Өнөктөшү Өмүрбек Бабанов саясий куугунтукта жүргөндө Атамбаевдин этегине эрмешип, намаз окуганы Төрөбаевде туруктуулук деген сапат жок экенин айгинелеп турат.

Баса, Алмазбек Атамбаев Төрөбаевдин бул мактоолорун жоопсуз калтырган жок. Ал “дары болсун” деп жооп берди. Жалаң нааразычылыктарга,  каргышка толгон ажонун сөзү оомо депутатка канчага чейин дары болот болду экен?

Төрөбаев Атамбаевди белчесинен карызга баткан Кыргызстан үчүн мактадыбы? Же карапайым калкты сыздаткан чек ара көйгөйү үчүнбү? Балким а деп ажого сын айткан ар бир саясатчыны камаганы үчүн жактырып жаткан болуп жүрбөсүн? Айтор жаш туруп арзыматка айланып кеткен эл өкүлүнүн бул кылыгы көпчүлүктү таң калтырып туру.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =