Ишен Назаров: “Интернетте хитке айланган “Апакем” деген ырды талашкандар көп болгон”

   Каганат.

Учурда социалдык тармактарда тойлордун биринде тартылып алынып интернетте  хитке айланган Ишен Назаровдун “Апакем” деген ыры көпчүлүктү ыйлатып, канчалаган күйөрмандарды өзүнө топтогонго жетишти. Эгерде сиз дагы бул  ырчыга кызыгууңуз жаралса,  анда бүгүнкү маектешибиз    дал ушул Ишен Назаров болмокчу.

Саламатсызбы? Алгач өзүңүз туурасында кененирээк тааныштырып өтсөңүз?

– Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Суу деген айылында 1989-жылы төрөлгөм. Сегиз бир тууганбыз. Мен жетинчиси болом.  Кара-Суу орто мекетебинен  билим алдым.  Андан соң,  Бишкекке келип  Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшыргам.   Буюрса окуумду аяктайын деп калдым.

–Белгилүү болууну балалыгыңыздан кыялданчу белеңиз?

–Белгилүү болом деп такыр оюма келген эмес. Мектепте окуп жүргөндө эле маданий иш чараларга катышып ырдап жүрчүмүн. Бирок, ырчы болуп калам деген кыялым деле жок болчу. Борборго келгенден кийин анан ырчы болууга аракет көрө баштадым. Бул кесипти бала кездеги кыялым деп айтуудан алысмын. Буйрук экен ырчылык өнөрдү аркалап аз да болсо күйөрмандарымды таба алдым десем болот.   

–Учурда   тойлордун бириндеги аткарган “Апакем  ” деген ырыңыз интернетте хитке айланган учур бул туурасында  кабарыңыз  барбы?

–Ооба. Бул Кант шаарындагы тойлордун биринен тартылган. Ноябрь айынын башында интернетке өзүм жүктөп койгом. Социалдык тармактарга жайгаштырып дегендей.  Андан кийин эле көпчүлүгү көчүрүп  таратышып  хит болуп кетиптир. Бул ырымдын аркасында көпчүлүккө таанылып, буюрса көптөгөн күйөрмандарды  топтогонго жетиштим.

Сизге ийгилик алып келген ушул “Апакем ” деген ырыңыз тууралуу айта кетсеңиз? 

–Мага ийгилик алып келген “Апакем” деген ырдын сөзүн белгилүү төкмө акын Баян Акматов агабыз жазган. Обону болсо Кубаныч Алиев деген жакшы чыгып келе жаткан обончу ырчы  байкебизге таандык. Бирок бул ырды  аткарыш оңойго турган жок. Башка  ырчылар дагы  талашышып  айтор мага буюрду окшойт, мен аткарып калдым. Кудайга шүгүр, жемиштүү чыгармалардын бири болду деп айта алам.

Музыкалык кандай билимиңиз бар?

–Музыкалык билимим өтө жогору деп айтпайм. Бирок музыка дүйнөсүн жакшы элетүшүнөм десем болот.  Башында айтып өткөндөй эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда 1-2-курста аккордеон бөлүмүндө окугам. Андан кийин шартка байланыштуу сырттан окууга туура келип башка факультетке которулгам.  Ошону менен жарым жартылай аяктадым десем болот. 

Продюсерлер менен иштешесизби?

–Продюсер менен иштешип көргөн эмесмин. Мындан кийин  деле  иштешпейт болушум керек. Анткени баардык маселелерди  өзүм чечип, иштин баарын өзүм кылганды жакшы көрөм. Адам баласы талыкпай эмгектенсе баардыгына жетишет го деп ойлойм. Бирөөгө көз каранды болгонду жактыра беребейм. Кудайга шүгүр, талыкпаган эмгектин артында ийгиликтерге жетишип келе жатабыз.    

–Чыгармачылык чөйрөгө аралашканыңызга канча жыл болуп калды?

–Бул жакка 2011-жылы келип окууга тапшырдым. Анан акырындык менен ыр жаздырып жүрүп, айтор беш жылдын жүзү болду десем болот.

 –Бир жарк этип чыгып жок болуп кетүүдөн коркпойсузбу?

–Корком же коркпойм деп айтыш кыйын. Колдон келсе ал нерседен коркуш керек. Эгер элдин талабына жооп бере албай калсак, анда айла жок да. Бирок колумдан  келишинче аракет  кылам.  Элге жакшы маанай  тартуулай турган, тарбиялык ырлдарды ырдап чыкканга аракет кылам. Эми баарын убакыт көрсөтөт да.

Жан дүйнөңүз кандай ырларга жакын?

–Жан дүйнөм негизи көбүнчө жай ырларга жакын.  Бирок шаңдуу ырларды деле аткара берем. Көбүнчө мааниси терең ырларды ырдаганга басым жасайм.

–Үй бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

Жубайым Нарындан. Аты Наргиза 1992 жылкы болот. Учурда Адеми деген бир кызды тарбиялап жаткан чагыбыз.  

–Атактуулук сизди өзгөртүшү мүмкүнбү?

–Атактуулук мени эч качан өзгөртө албайт. Жөнөкөй карапайым үйдө чоңойгон балдарданмын. Андыктан ошол жөнөкөй бойдон калам деп ойлойм. “Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” дегендей  жөнөкөйлүктү жактырам.

 Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + 12 =