Бишкекте эл аралык террорчул уюмдун мүчөсү кармалды

Каганат.

Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей Бишкекте кезектеги эл аралык террорчул уюмдун мүчөсү кармалды.

Маалым болгондой,  колго 20 жаштагы Кара-Суу районунун жашоочусу колго түштү. Жаран чет өлкөдө жүргөндө социалдык тармактар аркылуу террорчул уюмдун эмиссарлары тарабына тартылган.

Андан соң “Одноклассники” сайты аркылуу жихаддык идеологияны чагылдырган аудио-видео кайрылууларды жарыялап турган.

Учурда  бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + 12 =